Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Кезексиз ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекциянын пандемиясына таасирденүү чараларын талкуулады
25 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

ЕЭК Кеңешинин 25-мартта өткөрүлгөн кезексиз отуруму Евразия экономикалык бирлигинин коронавирустук инфекциянын таралышына реакциясына жана биргелешкен таасирденүү чараларын иштеп чыгууга арналды.

Михаил Мясникович: "Коронавирус биздин Бирликтин бекемдигин текшерүүдө"
25 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Коронавирус менен күрөшүү чараларын иштеп чыгуу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 25-мартта ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында өткөрүлгөн кезексиз отурумунун күн тартибинин негизги темасы болду. Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндөгү татаал эпидемиологиялык жагдайды эске алуу менен, вице-премьерлер – Кеңештин мүчөлөрү жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович видеоконференция форматында иштешти.

Михаил Мясникович Сергей Лавровду мааракеси менен куттуктады
21 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровду 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.

ЕЭКте коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу ыкчам таасирденүү чараларын иштеп чыгуу боюнча координациялык кеңеш түзүлдү
19 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

19-мартта ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин буйругу менен коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу жагдайды мониторингдөө жана ыкчам таасирденүү чараларын иштеп чыгуу боюнча убактылуу координациялык кеңеш түзүлдү.

ЕЭК министри Тимур Жаксылыков: "Жөнгө салуучу таасирди баалоо ЕАЭБдин улуттан жогорку жөнгө салуусун түзүүдө бизнестин добушун угууга мүмкүндүк берет"
18 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын 2019-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) жүргүзүлүшүнө мониторинг жөнүндө ар жылдык отчётту карап чыкты.

Беларуста кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү узартылды
18 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Беларуста ак кристалл кантына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2020-жылдын 31-мартынан 31-декабрына чейин узартылышын макулдашты.

Футбол боюнча Европа чемпионатына карата чет элдик товарларды бажылык декларациялоонун тартиби жеңилдетилди
17 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

ЕЭК Коллегиясы 2020-жылда футбол боюнча Европа чемпионатын уюштурууда жана өткөрүүдө же ага даярдануу үчүн машыгуу иш чараларын өткөрүүдө пайдалануу үчүн арналган чет элдик товарларды бажылык декларациялоонун тартибин жеңилдетти. Кеп мындай товарларга карата атайын бажы жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле бажылык транзит жол-жобосун колдонуу жөнүндө болууда.

Бажы тизмегине каруселдер жана жаныбарларды көрсөтүү үчүн жайлар киргизилди
17 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

ЕЭК Коллегиясы бажы органдары аларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу куралбаган же ажыратылган түрдө өткөрүлүүчү товарларды ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын 9508 товардык позициясында классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган товарлардын тизмегин толуктады. Кеп аталган тизмекке каруселдерди, селкинчектерди, тирлерди жана башка аттракциондорду, ошондой эле көчмө цирктерди, театрларды жана жаныбарларды көрсөтүү үчүн жайларды киргизүү жөнүндө болууда.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүүнүн картасын иштеп чыгууну жактырды
17 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Документке ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан же ишке ашыруу пландаштырылып жаткан ири инвестициялык жана инновациялык айыл чарба долбоорлору жөнүндө маалыматтар кирет деп болжолдонууда. Картада АӨКтү жана импортту алмаштырууну ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуу болуп саналган багыттар көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле, карта Бирликтин рыногунда импорттун чоң үлүшү байкалып жаткан айыл чарба товарлары жана ресурстар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

ЕАЭБде коронавирустун таралышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар кабыл алынмакчы
16 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Кеңеши коронавирустун таралышынынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн айрым медициналык товарларга карата алымдарды нөлгө түшүрүүнү же төмөндөтүүнү чечти. Аталган чечим COVID-19 вирусунун таралышына байланыштуу биргелешкен чараларды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жөнүндө армян жана кыргыз тараптардын сунуштарын кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынды.