Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде контрафакттык продукцияны көзөмөлдөөнүн бирдиктүү тутумун түзүү сунушталды
12 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 12-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) болуп өткөн "Антиконтрафакт-2019" эл аралык форумунун отурумунда контрафакттык продукцияны алып келүү, өндүрүү жана сатуунун, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилеринин Интернет тармагында мыйзамсыз таратылышынын аныкталган учурлары жөнүндө маалыматты каттоонун бирдиктүү тутумун түзүүнү сунуш кылды.

Армениянын алдыңкы университеттеринин биринин өкүлдөрү ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча ЕЭКтин иши тууралуу билишти
12 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

11-ноябрда Ереванда (Армения Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаева Россия-Армян университетинин студенттеринин, аспиранттарынын жана мугалимдеринин алдында лекциясы менен чыгып сүйлөдү.

ЕАЭБде Интернет тармагындагы контрафакт менен күрөшүү боюнча ишти активдештирүүдө
12 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

2016–2018-жылдар аралыгында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө 50 миллиондон ашык контрафакттык товарлар жүгүртүүдөн алынды. Мыйзамсыз продукциянын жана пираттык контенттин көлөмдөрүнүн өсүшү көбүнчө Интернет-сооданын өнүгүшүнө байланыштуу болууда. Санариптик чөйрөдөгү контрафакттык продукция жана пираттык контент менен күрөшүүнүн механизмдерин өркүндөтүү маселеси 12-13-ноябрда Ереванда өтүп жаткан "Антиконтрафакт-2019" Эл аралык форумунун "ЕАЭБдеги интеллектуалдык менчик: контрафактсыз келечек" деп аталган секциясынын ишинин жүрүшүндө негизги талкуу темасы болду.

ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү механизмдери жөнүндө айтып беришти
07 Ноябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өткөн «МЖӨ жана инвестициялоонун ESG факторлору» Биринчи эл аралык форумунда катышышты.

ЕЭКте ЕЭКтин азык-түлүк продукциясы менен өз ара соода жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга багытталган чечиминин долбоорунун бизнеске таасирин баалашты
25 Октябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

24-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу тобу Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин объектилерди биргелешип текшерүүнүн жана ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан товарлардын (продукциянын) сынамдарын тандоонун бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган чечиминин долбоорунун бизнеске тийгизген таасирин талдоонун жыйынтыктарын чыгарды.

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттеринин салык тутумдарына сереп даярдады
22 Октябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Каржы саясаты департменти «ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин салык тутумдарына сереп» аттуу докладын көрсөттү. Серепте Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын улуттук мыйзамдарынын өзгөрүүлөрү каралат. Мындан сырткары, алардын салык тутумдарынын абалына талдоо жүргүзүлүп, негизги салыктардын коюмдары жана башка маалыматтык-маалымдама материалдар келтирилет.

ЕЭК өкүлдөрү инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу тутумун реформалоо жөнүндө талкууда катышышты
18 Октябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаеванын төрагалыгы астында БУУнун Эл аралык соода боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) жумушчу тобунун III «Инвесторлордун жана мамлекеттердин ортосундагы талаштарды жөнгө салуу» деп аталган 38-сессиясында катышышты. Аталган иш-чара Венада (Австрия Республикасы) болуп өттү.

ЕАЭБде өнөр жайдын секириги үчүн өндүрүштүн кооперациясы жана инновациялык долбоорлор керек
16 Октябрь 2019 | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Техникалык жөнгө салуу

15-октябрда Москвада өткөрүлгөн «Интеграция» Евразия өнөр жай конгрессинин катышуучулары Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) өнөр жай кызматташтыгынын көйгөйлөрүн жана перспективаларын жана ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн аспаптарын талкуулашты. Талкууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) мүчөлөрү катышышты. Конгрессти өткөрүү демилгеси Бирликтин мамлекеттеринин бизнесинин натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, үзүрлүү кооперацияга жана рыноктун талабына ээ болгон жогорку технологиялуу өндүрүштүк бирикмелерди түзүүгө кызыкдар өкүлдөрүнөн чыкты.

Тимур Жаксылыков Европа бирлиги менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу билдирди
16 Октябрь 2019 | Экономика жана каржы саясаты

Европа бирлиги (ЕБ) жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) ири соода, инвестициялык жана технологиялык өнөктөштөр болуп саналат, жана бул бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Лиссабондон Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү боюнча жумушчу топтун отурумунда жана Берлин Евразия клубунун 27-отурумунда билдирди.

Евразия интеграциясы жөнүндө мааракелүү китептин презентациясы: ЕАЭБ калыптанды
15 Октябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты

«Евразия экономикалык бирлиги – 25: горизонттон горизонтко чейин» китеби акыркы чейрек кылым ичинде Евразия идеясынын өнүгүшүнө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) түзүлүшүнө арналган. Аталган китептин презентациясы Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) пресс-борборунда болуп өттү. Китеп Москвадагы «Восточный экспресс» басмасында ЕЭКтин жана Казакстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен чыгарылды.