Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Бизнес ЕАЭБде улуттан жогорку жөнгө салууну түзүүдө активдүү катышууда
17 Июль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын ЕЭКтин 2019-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) жүргүзүлүшүнө мониторинг жөнүндө отчётун карап чыкты.

ЕЭК жана ЕАТ кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө келишишти
10 Июль 2020 | Экономика жана каржы саясаты


​Е​ЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков жана Росфинмониторингдин директору, ЕАТнын Төрагасы Юрий Чиханчин Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты.

ЕАЭБдин чек араларындагы көйгөйлөр бир кыйла ыкчамыраак чечилмекчи
10 Июль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Экономика жана каржы саясаты | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 10-июлда Евразия экономикалык бирлигинде товарларды өткөрүүгө байланыштуу талаш жагдайларды жоюу үчүн комитетти түзүүнү тапшырды.

ЕЭКтин евразиялык интеграция жөнүндө онлайн-курсу башталды
07 Июль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясы https://is.gd/tVOrGf">"Универсариум" ачык электрондук билим берүү тутумунда "ЕАЭБ: бул эмне жана кантип иштейт" деп аталган онлайн-курсту баштады. Курс 24/7 жеткиликтүү болмокчу. Окутуунун жыйынтыктары боюнча тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөргө акысыз сертификаттар берилет.

Жалпы каржы рыногун түзүүдө салым кошуучулардын укуктарын коргоо жаатындагы мыкты дүйнөлүк стандарттар колдонулмакчы
03 Июль 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын (ДКЭА) Аткаруучу кеңеши Евразия экономикалык комиссиясына өнөктөш статусун ыйгарды. Комиссия Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле бир катар башка алдыңкы улуттук жана мамлекеттер аралык жана эл аралык уюмдар менен катар ДКЭАнын өнөктөшү болду.

ЕАЭБдин жалпы каржы рыногундагы чек ара аралык кредиттөө бир кыйла жеткиликтүү болмокчу
23 Июнь 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБде Кредиттик таржымалдардын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуунун аягына чыгара иштелип чыккан долбоорун жактырды.

ЕАЭБде Интернеттеги интеллектуалдык менчик укуктарын бузуулар менен күрөшүү боюнча макулдашылган мамилелер иштелип чыкмакчы
22 Июнь 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөрүлгөн интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин натыйжалары боюнча билдирди.

Аскар Кишкембаев: "Комиссия жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрү пандемия шарттарында ишкерлерди колдоонун макулдашылган чаралары боюнча документтерди иштеп чыгышты"
25 Май 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Москвада болуп өткөн "Ишкердик ишмердиктин трансформациясы: жаңы технологиялар, натыйжалуулук, перспективалар" деп аталган VIII эл аралык илимий конгрессте Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн (министринин) Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев коронавирустук инфекция пандемиясынын күчөшүнүн шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, Бирлигинин алкагында кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берип, Бирликтин жана мүчө мамлекеттердин бул маселе боюнча кабыл алынган актыларына басым жасады.

ЖЕЭК Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын түзүлүшүн жактырды
20 Май 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды, аталган өзгөртүүлөрдө Россия Федерациясынын эркин экономикалык аймактарына (ЭЭА) алып келинген Бирликтин жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын орнотулушу каралган.