Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБдин алкагында улуттан жогорку жөнгө салууну өркүндөтүү ишкерлердин чыгымдарын азайтууга багытталган
22 Сентябрь 2020 | Экономика жана каржы саясаты

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы алдындагы жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын ветеринардык чаралар, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, интеллектуалдык менчик жана бажылык тескөө-башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдеринин долбоорлорун карап чыкты.

Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча ЕЭКтин жана ЕАТтын ортосундагы Меморандумдун долбоору жактырылды
15 Сентябрь 2020 | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Коллегиясы 15-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) ортосундагы Меморандумдун долбоорун жактырды. Документ ЕЭКтин жана ЕАТтын кызматташтык чөйрөсүн жана форматын, анын катышуучуларынын потенциалды жана чогулткан тажрыйбаны аракетке салуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

ЕЭК Евразия патенттик уюмун мааракеси менен куттуктады
10 Сентябрь 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсүнүн Катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев 9-сентябрда ЕАПУнун штаб-квартирасында Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) президенти Сауле Тлевлесова менен жолугушту.

Баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү Бирликтин өлкөлөрүндөгү биржалык сооданы активдештирет
03 Сентябрь 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги уюшулган тооруктартарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү жана анын иштөө маселелерин талкуулашты. Аталган отурум Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы штаб-квартирасында видеоконференция режиминде ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында болуп өттү.

ЕЭК делегациясы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл койду
03 Сентябрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, Комиссиянын министрлери жана департаменттердин директорлору 3-сентябрда Москвадагы Александр багындагы Белгисиз Жоокердин Мүрзөсүнө гүл коюу аземинде катышышты.

ЕЭКте улуттан жогорку жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына таасирин баалоого карата жаңы мамилелер презентацияланды
26 Август 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин видеоконференция режиминде өткөрүлгөн отурумунда ЕЭКтин учурдагы чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоону (ИТБ) киргизүү жана жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жол-жобосун Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна жайылтуу маселеси каралды. Мындай мамилелерди ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколдун долбооруна киргизүү сунушталууда.

ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын колдонушууда
26 Август 2020 | Экономика жана каржы саясаты

КМШнын Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ИММАК) видеоконференция режиминде өткөрүлгөн 10-отурумунда санариптик экономика шарттарында интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укук мамилелерин өркүндөтүү маселелери талкууланды. Иш-чарада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышышты.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу ЕАЭБ өлкөлөрүнө инвестицияларды тартууну демилгелейт
04 Август 2020 | Экономика жана каржы саясаты

"Калыбына келтирүүдөн туруктуу өсүшкө карай" деп аталган эл аралык инвестициялык онлайн-конференцияда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жагымдуу бизнес-климатты түзүү жана инвестициялык кызматташтыктын перспективалары талкууланды. ЕАЭБдин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча панелдик дискуссияда Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин кызмат адамдары катышышты.

Тимур Жаксылыков жана Алексей Оверчук ЕАЭБдин салык чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү талкуулашты
31 Июль 2020 | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков жана ЕЭК Кеңешинин мүчөсү, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 30-июлда Россиянын Өкмөтүндө болуп өткөн жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда салык чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кыйыр салыктардын төлөнүшүн контролдоонун натыйжалуу тутумун түзүү боюнча демилгесин талкуулашты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү планы ушул жылдын аягына чейин каралмакчы
24 Июль 2020 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын алдындагы каржы рыноктору боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин жалпы каржы рыногун түзүү концепциясын ишке ашыруу маселелери каралды. Отурум 23-июлда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында өткөрүлдү.