Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кеңеши Комиссиянын 2019-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун ЖТБсын өткөрүү жөнүндө отчётту карап чыкты
29 Апрель | Экономика жана каржы саясаты | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Документ Евразия экономикалык комиссиясынын түзүмдүк бөлүктөрү жана профилдик жумушчу топтору тарабынан жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) жол-жобосун өткөрүү боюнча статистиканы жана талдоону камтыйт.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси
20 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

20-апрелде Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын айрым маселелерин макулдашуу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК министри Тимур Жаксылыков: "Жөнгө салуучу таасирди баалоо ЕАЭБдин улуттан жогорку жөнгө салуусун түзүүдө бизнестин добушун угууга мүмкүндүк берет"
18 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын 2019-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) жүргүзүлүшүнө мониторинг жөнүндө ар жылдык отчётту карап чыкты.

ЕАЭБде легалдуу эмгек миграциясынын агымдары көбөйүүдө
06 Март | Экономика жана каржы саясаты

"Бирдиктүү эмгек рыногунда Евразия экономикалык бирлигинин жарандарына берилген жана үчүнчү өлкөлөрдүн жумушчулары үчүн жеткиликсиз болгон преференциялар легалдуу эмгек миграциясынын көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө", – деп ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министринин катчылыгынын башчысы Аскар Кишкембаев Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ мамлекеттерине эмгек миграциясы маселелерин талкуулоого арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияда билдирди.

ЕЭК министри Эмиль Кайкиев: "Транспорт экологиясы биринчи даражадагы мааниге ээ болууда"
26 Февраль | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясы экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бөлүп келет. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин 82-сессиянын ишинин биринчи күнүндө билдирди. Иш-чара 25-28-февралда Женевада БУУнун лидерлеринин, транспорт ведомстволорунун жана эл аралык транспорт уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өтүүдө.

Министр ЕЭК Тимур Жаксылыков: «Решения Евразийской экономической комиссии должны обеспечивать единство таможенного регулирования в Союзе»
18 Февраль | Экономика жана каржы саясаты | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, техникалык жөнгө салуу жана бажылык тескөө-башкаруу жаатындагы беш чечиминин долбоорлорун карап чыкты.​

Аудитордук жана бухгалтердик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү ЕАЭБдин инвестициялык жактан жагымдуулугун жана анда бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатмакчы
18 Февраль | Экономика жана каржы саясаты

Россия Федерациясынын Каржы министрлигинде Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинде аудитордук жана бухгалтердик ишмердиктин бирдиктүү рыногун түзүүнүн принциптерин карап чыгышты.​

ЕЭК жана Россиянын Федералдык салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө карата мамилелерди аныкташты
13 Февраль | Экономика жана каржы саясаты

12-февралда Москвада ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков жана Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчиси Даниил Егоров салык органдарынын бирдиктүү интеграцияланган маалыматтык санариптик платформасын түзүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын жана Федералдык салык кызматынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалыматтык тутумдарын байланыштыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн перспективаларын талкуулашты.

ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты
30 Январь | Экономика жана каржы саясаты

Евразия мейкиндигинде санариптик чөйрөдөгү интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды бузуулар менен күрөшүү механизмдери жана контрафакттык продукцияны жүгүртүүгө каршы күрөшүү Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаеванын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) Аткаруучу комитетинин Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Игорь Илингин менен 29-январда КМШнын Аткаруучу комитетинин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өткөн жолугушуусунда негизги талкуу темаларынан болду.