Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде жаңы дары-дармектерди клиникага чейинки токсикологиялык изилдөөлөрдүн кайталанышы жокко чыгарылат
21 Май 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Комиссиянын Коллегиясы Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек препараттарынын аракеттенүүчү заттарын кайрадан (көп жолу) киргизүүдө алардын уулуулугуна клиникага чейинки текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча колдонмону кабыл алды.

ЕАЭБде кооптуу заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө карата бирдиктүү мамиле аныкталды
21 Май 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Кооптуу заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча колдонмону кабыл алды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү комплекстүү планын талкуулашты
14 Май 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 12-майдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө COVID-19дун жана башка массалык инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча комплекстүү пландын долбоорун талкуулоого өзгөчө көңүл бөлүндү. Бул пандемия шарттарындагы сегизинчи отурум.

6-майда ЕАЭБдин парфюмердик-косметикалык продукцияга карата техникалык регламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирди
06 Май 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин рыногундагы парфюмердик-косметикалык продукциянын курамына карата талаптар такталды – колдонууга тыюу салынган же белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен колдонууга уруксат берилген заттардын тизмектери, ошондой эле уруксат берилген боёгучтардын, консерванттардын жана УФ-чыпкалардын тизмектери актуалдаштырылды. Талаптар ЕБнын косметика боюнча Регламенти менен шайкеш келтирилди.

ЕАЭБ өлкөлөрү COVID-19 вирусунун таралышына байланыштуу калктын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо үчүн макулдашылган иш аракеттердин программасын иштеп чыгууда
17 Март 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин болуп өткөн кезектеги отурумунда COVID-19 вирусуна чалдыгуунун аныкталган учурларына байланыштуу эпидемияга каршы иш-чаралардын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан ишке ашырылышы талкууланды. Кеңештин отурумунда Өзбекстандын жана Тажикстандын да өкүлдөрү катышышты.

Өзү жүрүүчү машиналардын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартиби өзгөртүлдү
03 Март 2020 | Техникалык жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы Өзү жүрүүчү машинанын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартибине, ошондой эле мындай паспортторду жол-жоболоштурууну ишке ашыруучу Ыйгарым укуктуу органдардын жана даярдоочулардын бирдиктүү реестрин түзүү жана алып баруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдөө модели жөнүндө сунуштаманы кабыл алды
03 Март 2020 | Техникалык жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы 3-мартта болуп өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн продукциянын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдөө моделин камтыган сунуштаманы кабыл алды. Документ аталган моделдин иш жүзүндө киргизилишин караштырат жана ЕАЭБдин бажы аймагында продукциянын коопсуздугуна карата тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдү уюштуруунун алгоритмин камтыйт.

ЕАЭБдин жеке коргонуу каржаттарына карата техникалык регламенттерине стандарттардын тизмеги жаңыланды
03 Март 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмегин бекитти. Тизмекке 126 мамлекеттер аралык стандарт жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн 42 улуттук стандарттары кирет. Аларды ыктыярдуу негизде колдонуу аталган техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышын камсыз кылат. Продукцияны сыноо ыкмаларына карата стандарттардын тизмеги 269 мамлекеттер аралык

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери коронавирустук инфекциянын жайылышына контролду күчөтүшүүдө
03 Март 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин Москвада болуп өткөн кезектеги отурумунда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын контролдоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан ишке ашырылышы каралды. Талкууга Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү да чакырылды.