Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

"Тамак аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмектери толукталды
25 Август 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламентинин талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объектилерин баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон сыноолордун эрежелерин жана ыкмаларын камтыган стандарттардын тизмектерине өзгөртүүнү бекитти.

ЕАЭБде дары-дармектердин сапатын бирдиктүү контролдоо үчүн шарттар түзүлдү
12 Август 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин Фармакопеясын бекитти. Ал Бирликтин беш өлкөсү үчүн дары-дармек каражаттарынын сапатын баалоого карата бирдиктүү мамиленин негизи болуп калмакчы. Документ 2021-жылдын 1-мартынан тарта аракеттенет. Бирликтин жалпы рыногунда буга чейин катталган дары-дармек препараттарынын өндүрүүчүлөрүнө өздөрүнүн дары-дармек каражаттарынын сапаты боюнча ченемдик документтерин Бирликтин Фармакопеясы менен шайкеш келтирүү үчүн 2026-жылдын 1-январына чейин 5 жылдык мөөнөт берилди.

Пиротехникалык буюмдарга карата техникалык регламентке стандарттарды колдонуу мөөнөттөрү узартылды
29 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы Россия Федерациясынын Бирликтин "Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 016/2011) техникалык регламентине карата стандарттардын тизмектерине киргизилген ГОСТ Р 51270-99 "Пиротехникалык буюмдар. Жалпы коопсуздук талаптары" жана ГОСТ Р 51271-99 "Пиротехникалык буюмдар. Сыноолордун ыкмалары" улуттук стандарттарын колдонуунун мөөнөттөрүн 2020-жылдын 1-июлунан 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартты.

ЕЭК КМШнын Мамлекеттер аралык кеңеши менен диалогду улантууда
28 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) видеоконференция режиминде өткөрүлгөн 57-чи отурумунда катышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери COVID-19 пандемиясынын шарттарында Бирликтин документтерин даярдоону жана учурдагы чектөөлөрдү басаңдатууну талкуулашты
21 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин санитардык-эпидемиологиялык саламаттык жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин отурумунда ЕАЭБде коронавирустук инфекциянын жана башка инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык саламаттык жаатындагы иш-чаралардын комплекстүү планынын Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитилиши, ошондой эле Бирликтин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы "жашыл коридорлордун (транспорттук каттамдардын)" объектилеринин ишин уюштурууга карата убактылуу санитардык-эпидемиологиялык талаптардын ЕЭК Коллегиясы тарабынан жактырылышы жөнүндө маалымат көрсөтүлдү.

COVID-19 жана башка инфекциялык илдеттер менен күрөшүүнүн планы кабыл алынды
17 Июль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Өкмөттөр аралык кеңеш Евразия экономикалык бирлигинде коронавирустун таралышынын алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти.

Тиричилик газ приборлору коопсузураак болмокчу
13 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Кеңеши "Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына киргизди.

"Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөр күчүнө кирүүдө
10 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

11-июлда Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине Евразия экономмикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Чечими менен кабыл алынган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.

Бирликтин техникалык регламенти "калыбына келтирилген сүткө" талаптар менен толукталды
10 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин "Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. Документ "калыбына келтирилген сүткө" талаптар менен толукталды, ал керектөөчүлүк таңгакка өлчөп куюлган сүт азыктарынын категориясына киргизилди. Ошентип, аны идентификациялоо жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча аныксыздык жоюлду.

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык контроль механизми өркүндөтүлдү
10 Июль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү бекитти.