Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Дарыларды клиникалык сыноолордо биостатистиканы колдонуу боюнча колдонмо кабыл алынды
03 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

3-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Дары препараттарын клиникалык сыноолорунда биостатистиканы колдонуу принциптери боюнча колдонмону кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө аны колдонуу сунушталат.

ЕАЭБдин алкоголдук продукцияга техникалык регламенти 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет
03 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия тараптын сунушу менен Евразия экономикалык бирлигинин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 047/2018) күчүнө киришин 2022-жылдын 1-январына жылдырды. Бул техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү даярдоо үчүн керек.

ЕАЭБде кооптуу өнүмдөр жөнүндө маалымат берүүнүн бирдиктүү тутуму иштей баштайт
30 Октябрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген товарлар жөнүндө маалымат берүү тутумун калыптандыруу боюнча пилоттук долбоорду аяктоонун мөөнөтүн аныктады - 2021-жылдын 1-июлу.

ЕАЭБде тез өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу сунушталды
28 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Пандемиянын кесепеттерин жоюу жана Евразия экономикалык бирлигин тез өсүү траекториясына чыгаруу боюнча сунуштар 28-октябрда Москвадагы Президент-мейманканасында өткөн "Интеграция: тез өнүгүү стратегиясы" ЕАЭБ бизнес форумунун катышуучулары тарабынан айтылды.

Дары каражаттарын каттоо эрежелери 2025-жылга чейин улуттук каттоо досьелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн тактайт
28 Октябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдүн долбоору 26-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында өткөн Дары каражаттары боюнча эксперттик комитеттин үчүнчү отурумунда каралды. Өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салууга карата бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу боюнча жумушчу топтун эрежелерди колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен даярдалды.

Май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышынын ченемдери ЕАЭБдин тамак аш продукциясына талаптарды белгилеген бир нече техникалык регламенттерине киргизилиши мүмкүн
23 Октябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары керектөөчүлөрдүн укугун коргоону күчөтүү максатында, май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышынын ченемдерин Бирликтин тамак аш продукциясына талаптарды белгилеген бир нече техникалык регламенттерине "пакет принциби" менен киргизүүнү жалпысынан колдошту. Атап айтканда, Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" жана "Адистештирилген тамак-аш азыктарынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диетикалык дарылык жана диетикалык профилактикалык тамактануунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине өзгөртүүлөргө ушул талаптарды киргизүү маселеси каралып жатат. Аталган техникалык регламенттер учурда Бирликтин порталында ачык талкууга чыгарылган.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко кесиптештерин Дүйнөлүк стандарттар күнү менен куттуктады
14 Октябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Урматтуу кесиптештер!
Евразия экономикалык комиссиясынын жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик ишмердүүлүгүн стандартташтыруу тармагы менен байланыштырган бардык жетекчилерди жана адистерди Дүйнөлүк стандарттар күнү менен куттуктайм!

ЕЭК министрлери Армениянын бизнес-коомдоштугу менен жолугушуу өткөрүштү
08 Октябрь 2020 | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Техникалык жөнгө салуу

8-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министрлери Андрей Слепнев, Тимур Жаксылыков, Артак Камалян, Гегам Варданян жана Виктор Назаренко, ошондой эле Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян Армениянын Экономика министрлигинин чоң залында Армениянын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Виктор Назаренко эксперттик коомчулукту техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун өркүндөтүүгө жигердүү катышууга чакырды
07 Октябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

"Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өнөр жайы жана бизнеси техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү бирдиктүү тутумун түзүүнүн эң жигердүү демилгечилери болушкан", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко "Техникалык жөнгө салуу евразиялык интеграциянын куралы катары" онлайн-форумунда.