Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Бирликтин тамеки продукциясына карата техникалык регламентине стандарттардын тизмектери жаңыланды
08 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 8-декабрда "Тамеки продукциясына карата техникалык регламенттин" (ББ ТР 035/2014) талаптарын колдонуу жана аткаруу жана техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын камтыган стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕАЭБде дезинфекциялоочу каражаттардын натыйжалуулугун изилдөө ыкмаларынын тизмеги бекитилди
08 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 8-декабрда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө жаткан продукцияга коюлуучу бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизди. Документ дезинфекциялоочу каражаттардын натыйжалуулугун изилдөө ыкмаларынын тизмеги менен толукталды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
04 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 4-декабрда видеоконференция форматында өткөрүлгөн отурумунда 9 маселени карап чыгышты.

"Жарылууга кооптуу чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата стандарттардын тизмектери актуалдаштырылды
01 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы "Жарылууга кооптуу чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмектерин бекитти.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директорунун орун басары болуп Татьяна Николаева дайындалды
23 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Татьяна Александровна Николаева 1973-жылы төрөлгөн. 1996-жылы Янка Купала атындагы Гродно мамлекеттик университетин "Биология жана химия" адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн, 2009-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча, ал эми 2019-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын аспирантурасын "Экономика жана эл чарбасын башкаруу (экономика илимдери)" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламентине карата өткөөл жоболор белгиленди
17 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ TP 048/2019) техникалык регламентине карата өткөөл жоболорду белгиледи.​

"Сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке карата өткөөл жоболор 2022-жылдын 13-февралына чейин күчүндө болот
13 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөөл жоболорду белгиледи. Өткөөл жоболор аларга карата ЕАЭБдин техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилген, 2021-жылдын 13-февралына чейин ЕАЭБтин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикке кабыл алынган же берилген сүт азыктарынын шайкештигин баалоо боюнча документтер 2022-жылдын 13-февралына чейин колдонуларын аныктайт.

ЕЭК БУУ ЕЭКтин аянтчасында COVID-19 пандемиясынын шарттарында шайкештикти баалоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулоодо катышты
09 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу боюнча кызматташтык маселелери чөйрөсүндөгү саясат боюнча жумушчу тобунун (БУУ ЕЭК 6 ЖТ) 30-сессиясынын отурумунда COVID-19дун таралышына байланыштуу эпидемиологиялык жагдай мезгилинде стандарттардын жана шайкештикти баалоонун ролу талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев кесиптештерине продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоо жол-жоболорун өткөрүү жөнүндө айтып берди.

Виктор Назаренко: "Аккредитация шайкештикти баалоо органдарынын компетенциясынын жана алардын ишинин натыйжаларынын ишенимдүүлүгүн камсыздоонун кепилдиги болуп саналат"
03 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Аккредитациялоо органдарынын башчыларынын Кеңешинин бешинчи отурумунда, шайкештикти баалоо органдары аккредитациялоо процедураларынын натыйжаларын өз ара таануусуна, ак ниетсиз органдар шайкештикти баалоо документтеринин берүүсүнө, ЕАЭБде "кооптуу" өнүмдөрдүн жүгүртүлүшүн алдын алууга байланышкан негизги көйгөйлөр талкууланды.

Стерилденбеген дарыларды өндүрүүдө колдонулган жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо тутумдары боюнча колдонмо кабыл алынды
03 Ноябрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

3-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы стерилденбеген дары каражаттарын өндүрүүдө колдонулган жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо тутумдарын пайдалануу, квалификациялоо жана техникалык тейлөө боюнча колдонмону кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө фармацевтикалык ишканаларда ушундай тутумдарды түзүү жана тейлөө боюнча бардык маселелер чагылдырылган бул документти колдонуу сунушталат.