Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде дары-дармектердин коопсуздугун баалоого карата талаптар деталдаштырылды
22 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-декабрда токсикокинетиканы изилдөө жана дары-дармек препараттарын токсикологиялык изилдөөлөрдө тутумдук таасирди баалоо боюнча колдонмону бекитти. Документ 2021-жылдын июль айында күчүнө кирмекчи.

ЕАЭБде фармацевтикалык субстанцияларды өндүрүүгө карата мамиле шайкеш келтирилди
22 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы 22-декабрда активдүү фармацевтикалык субстанцияларды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча колдонмону бекитти. Документ активдүү фармацевтикалык субстанцияларды өндүрүү процессин пландаштыруу жана аларды иштеп чыгуу көлөмдөрү боюнча көрсөтмөлөрдү камтыйт. Бул өндүрүштүн критикалык баскычтарын аныктоого жана фармацевтикалык субстанциялардын сапат көрсөткүчтөрүн мыктылоого мүмкүндүк берет.

Парфюмердик-косметикалык продукцияга карата стандарттардын тизмектери актуалдаштырылды
22 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-декабрда "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмектерин жаңылады.

ЕАЭБде продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аккредиттөө боюнча органдардын жана мамлекеттик контролдоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү бекемделүүдө
17 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун жана ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен болуп өткөн алтынчы отурумунда аккредиттөө чөйрөсүн өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

ЕАЭБ стандартташтырууну өнүктүрүүнүн багыттарын өркүндөтүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгууда
17 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна келип түшүп жаткан продукциянын сапат жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу 2020-жылдын 11-декабрында бекитилген, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын негизги багыттамаларынын бири болуп саналат. Аларды ишке ашыруудагы өзгөчө роль ЕАЭБ мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын Жетекчилер кеңешине – Бирликтин стандартташтыруу чөйрөсүндөгү көмөкчү органына берилет деп Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко аталган кеңештин видеоконференция режиминде өткөрүлгөн алтынчы отурумунда билдирди.

Эксперттер ЕАЭБде жана КМШда керектөөчүлөрдү коргоо маселелерин талкуулашты
17 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова КМШнын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңешинин 17-декабрда видеоконференция режиминде болуп өткөн отурумунда мүчө мамлекеттердин COVID-19 пандемиясынын мезгилинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча эң мыкты иш-тажрыйбалары тууралуу айтып берди.

ЕАЭБде жаңы стандарттар иштелип чыкмакчы
17 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бир катар маселелерди карап чыкты. Атап айтканда, "Тамак аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техникалык регламенти үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программа бекитилди.

ЕЭК жана Европа комиссиясы техникалык регламенттердин колдонулушун талкуулашты жана Европанын "жашыл" бүтүмүнүн маселелерин карап чыгышты
16 Декабрь 2020 | Соода | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Европа комиссиясынын техникалык диалогунун кезектеги раунду болуп өттү. Видеоконференцияда ЕЭКтин соода саясаты, техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө, өнөр жай саясаты жана агроөнөр жай саясаты департаменттеринин өкүлдөрү катышышты. Европа комиссиясынын делегаттарынын катарына соода, айыл чарба, айлана-чөйрө, климат, энергетика, саламаттыкты сактоо жана салык салуу боюнча башкы директораттардын өкүлдөрү, ошондой эле Европа бирлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү кирди.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Жогорку Евразия кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын, ЖЕЭКтин Ардактуу Төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференция режиминдеги отуруму болуп өттү.

Айрым товарларды Беларуска алып келүү жол-жоболору жеңилдетилди
08 Декабрь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 8-декабрда контролго жаткан товарлардын айрым түрлөрүнө карата ветеринардык чараларды жеңилдетүү аркылуу аларды Беларусь Республикасынын аймагына алып келүү жол-жобосун жеңилдетүү жөнүндө чечим кабыл алды. ЕЭК Коллегиясы аталган өзгөртүүлөрдү Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) жаткан продукцияга коюлуучу бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарга киргизди.