Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Виктор Назаренко: "Шайкештикти баалоо жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү тутуму Бирликтин жалпы рыногуна сапаттуу жана коопсуз продукция гана келип түшкөндөй кылып түзүлүшү зарыл"
27 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

"Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу, продукцияга коюлуучу бирдиктүү милдеттүү талаптарга жана аны бул рынокко чыгаруу үчүн бирдиктүү жол-жоболорго чыгуу. Шайкештикти баалоонун жана мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмин түзүү аркылуу Бирликтин рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоо. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайы тарабынан чыгарылган продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул Евразия экономикалык бирлигинде техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумун түзүүдө жетишүү зарыл болгон үч негизги максат болуп саналат", – деп ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин Минскте болуп өткөн отурумунун жүрүшүндө билдирди.

ЕЭК тамак-аш продукциясынын коопсуздук көрсөткүчтөрүн ченемдөө боюнча сунуштаманы кабыл алды
26 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы тамак-аш продукциясында химиялык аралашмалардын жана биологиялык агенттердин камтылышынын гигиеналык ченемдерин адамдын ден соолугу үчүн тобокелдиктин критерийлери боюнча белгилөө жана негиздөө боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү камтыган сунуштаманы кабыл алды. Документ калктын саламаттыгына тобокелдиктерди баалоонун практикалык методологиясынын киргизилишин камсыз кылат жана ченемдөө үчүн зарыл болгон токсикологиялык жана микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн алгоритмин камтыйт.

ЕЭК Коллегиясы дары-дармек препараттарынын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүүнүн бирдиктүү эрежелерин бекитти
26 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы медициналык колдонуу үчүн дары-дармек препараттарынын даяр дарылык формаларынын жана ветеринардык дары-дармек препараттарынын жарактуулук мөөнөтүнүн башталган күнүн эсептөө боюнча колдонмону бекитти.

ЕАЭБде электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында коргошунду, сымапты жана башка зыяндуу заттарды колдонуу чектелди
25 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

1-мартта Евразия экономикалык бирлигинде Бирликтин "Электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттардын колдонулушун чектөө жөнүндө" техникалык регламенти үчүн белгиленген өткөөл мезгил аяктайт. Документ кеңири таралган тиричилик приборлорунда – компьютерлерде, телевизорлордо, муздаткычтарда, мобилдик телефондордо коргошундун, сымаптын жана ден соолук жана экология үчүн зыяндуу болгон башка бир катар металлдардын колдонулушун олуттуу түрдө чектейт.

Евразия экономикалык комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму менен кызматташтыкты улантууда
17 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жаныбарлардын ооруларынын таралышын болтурбоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ЭЭБ) эл аралык стандарттарын колдонуу, ошондой эле аларды ветеринария жаатындагы улуттук жана улуттан жогорку мыйзамдарга имплементациялоонун механизмдери.

ЕЭК министри Виктор Назаренко: "Жаныбарлардан алынган продукцияга карата Бирдиктүү ветеринардык талаптардын такталышы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын жогорулатат"
17 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун төрагалыгы астында болуп өткөн кеңешмесинде Бирликтин өлкөлөрүнүн ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери ири мүйүздүү малдын губка сымал энцефалопатиясы (ИММ ГЭ) боюнча контролго жаткан товарларга (продукцияга) карата коопсуздук талаптары бөлүгүндө Бирликтин Бирдиктүү ветеринардык талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын тастыкташты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери коронавирустук инфекцияга байланыштуу жагдайды мониторингдөөнү улантышууда
11 Февраль 2020 | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 10-февралда Москвада болуп өткөн кезектеги отурумунда жаңы 2019-nCoV коронавирустук инфекциясынын алып келинишин жана жайылышын болтурбоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан ишке ашырылышы талкууланды.

ЕЭК Коллегиясы Беларуста гречкага карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 90 күнгө узартты
29 Январь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

28-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажы кызматташтыгы, атаандаштык саясат, техникалык жөнгө салуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, ЕАЭБдин ички рыногунун иши чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери жаңы коронавирустук инфекцияга байланыштуу жагдайды талкуулашты
28 Январь 2020 | Техникалык жөнгө салуу

27-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринде жаңы 2019 (2019-nCoV) коронавирусу менен шартталган коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын комплексин карап чыкты. Талкууга Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү да чакырылды.

ЕАЭБдин алкагында ТЭИнин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуу жактырылды
20 Январь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

20-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, энергетика, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын маалыматташтыруу чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.