Sign In
Назаренко Виктор Владимирович

Назаренко Виктор Владимирович

1958-жылдын 1-июлунда Гомель областынын Калинкович районундагы Александровка кыштагында туулган.

1976-жылы Гомель машина куруу техникумун артыкчылык менен бүтүргөн, 1981-жылы – Гомель политехникалык институтунун «машина куруу технологиясы, металл кесүүчү станоктор жана аспаптар» адистигин да артыкчылык менен бүтүрүп, инженер-механик квалификациясына ээ болгон.

1999-жылы Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын артыкчылык менен бүтүрүп, эл аралык экономист квалификациясын алган, ал эми 2006-жылы – ушул эле окуу жайынын аспирантурасын бүтүргөндөн кийин ага экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Техникалык жөнгө салуу, сертификаттоо, метрология, сапатты  башкаруу (менеджменттөө), ошондой эле мамлекеттик кызмат жаатында чоң практикалык иш тажрыйбасы бар. Эмгек жолун 1981-жылы «Гомсельмаш» өндүрүштүк бирикмесинде мастер болуп иштөөдөн баштаган. Куралдуу күчтөрдө мөөнөттүү аскердик кызматын өтөгөндөн кийин 1983-жылдан тартып 1986-жылдар ичинде Гомель заводунун куюу жана  ченемдер цехинде ага мастер,  цехтин начальнигинин орун басары, ал эми 1986-жылдан тартып 1998-жылдар аралыгында – кайрадан  «Гомсельмаш» ӨБсына келип иштеп,  ал жерде мамлекеттик кабыл алып-өткөрүү өкүлүнөн тартып башкы директордун сапат боюнча орун басарлыгына чейинки жолду басып өткөн.

1998-жылдан тартып 2006-жылдар аралыгында «Беларусь стандартташтыруу жана метрология мамлекеттик институту» республикалык илимий-өндүрүштүк унитардык ишканасынын директорунун орун басары кызматын ээлеп турган.

2006-жылдан 2012-жылга чейин Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

2012-жылдан тартып Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын аркалаган.

2018-жылдын 12-сентябрынан тартып – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри).

Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын, Беларусь улуттук техникалык университетинин жана Беларусь мамлекеттик стандартташтыруу, метрология жана сапатты башкаруу боюнча квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун илимий жана окутуучулук иштерине активдүү катышып келген. Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо жана сапат менеджменти маселелери боюнча бир катар илимий иштердин автору болуп саналат.

Продукциялардын бир катар түрлөрүнүн шайкештигин баалоо жана сапат менеджменти тутуму боюнча эксперт-аудитор.

2015-жылы «Эмгек сиңиргендиги үчүн» жана «Евразия экономикалык бирлигин түзүүгө кошкон салымы үчүн» медалдары менен сыйланган. Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын, Беларусь Республикасынын Өнөр жай министрлигинин жана Беларусь Республикасынын бир катар башка мамлекеттик органдарынын сыйлыктарына татыктуу болгон.