Sign In
Бубен Станислав Брониславович

Бубен Станислав Брониславович

1966-жылдын 23-июнунда төрөлгөн.

1989-жылы В.В. Куйбышев атындагы Беларусь эл чарбасынын мамлекеттик институтун, 2002-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн.

1984-жылдан 1986-жылга чейин – Совет Армиясынын катарында кызмат өтөгөн.

1989-жылдан 1992-жылга чейин - Ф.Э. Дзержинский атындагы "Интеграл" илимий-өндүрүштүк бирикмесинде (ИӨБ), чебер, экономист, Минск ш.

1992-жылдан 1996-жылга чейин – Минск облусундагы, Столбцов районунун "Красное знамя" колхозунун улук экономисти, башкы экономисти.

1996-жылдан 1998-жылга чейин - "Белагропромбанк" Белорусия акционердик коммерциялык агроөнөр жай банкынын насыялоо башкармалыгынын айыл чарба бөлүмүнүн экономисти, жетектөөчү экономисти, Минск ш.

1998-жылдан 2014-жылга чейин - Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин Аппаратынын экономика секторунун башкы экономисти, башкы адис, агроөнөр жай комплексинин башкармалыгынын экономика, кадрдык жана тышкы соода ишмердүүлүк секторунун башчысы, агроөнөр жай комплексинин экономика жана реформалоо бөлүмүнүн башчысы, башчысынын биринчи орун басары, агроөнөр жай комплексинин башкы башкармалыгынын башчысы, Минск ш.

2014-жылдан 2015-жылга чейин – Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Минск ш.

2015-жылы ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директорунун кызматына дайындалган.

Кошумча маалыматтар:

Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешинин Ардак грамотасы менен эки жолу сыйланган (2006, 2012);

- 2014-жылы "Эмгектик салымдары үчүн" медаль менен сыйланган.