1955-жылдын 12-сентябрында төрөлгөн.
1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “Эмгек экономикасы” адистиги боюнча аяктаган.
1977-жыл, июль - 1985-жыл, октябрь - Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин Эмгек боюнча мамлекеттик комитетинин экономисти, улуу экономисти, жетектөөчү экономисти, бөлүм башчысы.
1985-жыл, апрель - 1986-жыл, май - “Кыргызэмерек” Өндүрүштүк эмерек бирикмесинде башкы директордун экономикалык маселелер боюнча орун басары.
1986-жылдын май айынан баштап - Кыргыз ССРинин Борбордук статистикалык башкармалыгында бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы.
1991-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
2005-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
2016-жылдын 18-июлунан тарта - Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин директору.