Sign In
Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясаты

Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясаты

 
XIII бөлүм 
МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ 

62-берене Макулдашылган макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары 

1. Бирликтин алкагында мүчө мамлекеттердин экономикасын тең​ салмактуу өнүктүрүүгө жетишүү максатында мүчө мамлекеттердин биргелешкен иш-аракеттерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну караган макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүлөт. 
2. Мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүүсүн координациялоо ушул Келишимдин № 14 тиркемесине ылайык Комиссия тарабынан ишке ашырылат. 
3. Мүчө мамлекеттер жүргүзүүчү макулдашылган макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт: 
1) Бирликтин интеграциялык потенциалын жана ар бир мүчө мамлекеттин атаандаштык артыкчылыгын колдонуу менен мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу; 
2) мүчө мамлекеттердин экономикасын иштетүүнүн бирдиктүү принциптерин түзүү жана алардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу; 
3) макроэкономикалык туруктуулукту кошо алганда, мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун, ошондой эле тышкы таасир этүүгө туруктуулукту жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү; 
4) мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүшүн болжолдоо үчүн жалпы принциптерди жана багыттарды иштеп чыгуу. 
4. Макулдашылган макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу ушул Келишимдин № 14 тиркемесине ылайык ишке ашырылат.


63-берене. Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр

Мүчө мамлекеттер экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөнкүдөй маанилеринин алкагында экономикалык саясатты түзөт:
мамлекеттик башкаруу секторунун бириктирилген бюджетинин жылдык тартыштыгы – ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпайт;
мамлекеттик башкаруу секторунун карызы – ички дүң продуктунун 50 пайызынан ашпайт;
жылдык мааниде (декабрь мурдагы жылдын декабрына, пайыз менен) инфляция деңгээли (керектөө наркынын индекси) – ушул көрсөткүч абдан аз мааниге ээ болгон мүчө мамлекетте инфляциянын деңгээли 5 пайыздык пункттан ашпайт.

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине № 14 ТИРКЕМЕ
Макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүү жөнүндө ПРОТОКОЛ

I. Жалпы жоболор 

1. Ушул Протокол Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин (мындан ары – Келишим) 62 жана 63-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясат жүргүзүү жөнүндө укуктарын коргоо жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүшүнүн тартиптерин аныктайт. 
2. Ушул Протоколдо пайдаланылган түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
«божомолдордун сырткы параметрлери» – мүчө мамлекеттердин экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизүүчү сырткы факторлорду мүнөздөгөн жана мүчө мамлекеттерди социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн расмий божомолдорун иштеп чыгууда пайдаланылган көрсөткүчтөр;
«божомолдордун сырткы параметрлеринин интервалдык сандык мааниси» – божомолдордун сырткы параметрлеринин интервалынын жогорку жана төмөнкү маанилери;
«макроэкономикалык көрсөткүчтөр» – мүчө мамлекеттердин экономикасынын абалын, анын өнүгүшүн жана жагымсыз факторлордун таасирине карата туруктуулугун, ошондой эле интеграцияланган кызматташтык даражасын мүнөздөгөн параметрлер;
«Бирликтин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары» – мүчө​ мамлекеттер ар бир мүчө мамлекет кошумча экономикалык натыйжа алышы үчүн Бирликтин интеграциялык потенциалын жана мүчө мамлекеттердин атаандаштык артыкчылыктарын пайдалануунун эсебинен жүзөгө ашырууга аракет кылган социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктаган сунуштама мүнөзүндөгү документ;
«мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттамалары» – мүчө мамлекеттердин экономикасы үчүн кыйла маанилүү болгон кыска жана орто мөөнөттүк милдеттерди, Бирликти экономикалык жактан өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилеген, ошондой эле аталган милдеттерди чечүү боюнча сунуштамаларды камтыган максаттарга жетишүүгө багытталган программалык документ.

II. Макулдашылган макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу

3. Макулдашылган макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу максатында мүчө мамлекеттер: 
1) экономиканын зарыл же максатка ылайыктуу болгон чөйрөлөрүндө жана тармактарында Бирликтин интеграциялык потенциалын жана мүчө мамлекеттердин атаандаштык артыкчылыктарын пайдаланууга багытталган чараларды макулдашат (Евразия экономикалык бирлигинде интеграциялык потенциалга ээ болгон экономиканын чөйрөлөрү жана аны пайдаланууга багытталган чаралар жөнүндө баяндама; Тармактык серептер); 
2) макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүүдө Бирликти экономикалык жактан өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттамаларын эске алат; 
3) божомолдордун белгиленген сырткы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин эске алуу менен мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий божомолдорун иштеп чыгат; 4) туруктуу экономикалык өнүгүүнү аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөр Келишимдин 63-беренесинде көрсөтүлгөн сандык маанилердин алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзөт; 
5) Комиссиянын катышуусу менен чараларды, анын ичинде кайсы-бир мүчө мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөр Келишимдин 63-беренесинде белгиленген сандык маанилерге ылайык келбей калганда, биргелешкен чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле зарыл болгон учурда Комиссия бекиткен тартипке ылайык экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган Комиссиянын сунуштарын эске алат (Комиссиянын Коллегиясынын 2018-жылдын 9-январындагы № 9, 2020-жылдын 18-февралындагы № 27 өзгөртүүлөр редакциясындагы Чечими менен бекитилген, Мүчө мамлекеттер экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринен ашкан учурда, экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган сунуштарды жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартиби); 
6) экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мүчө мамлекеттерде калыптанган экономикалык кырдаалга тиешелүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт. (Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитет жөнүндө жобо жана түзүлгөн жумушчу топтор жөнүндө жоболор).

III. Комиссиянын компетенциясы​

4. Комиссия төмөнкүлөр аркылуу мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүүсүн координациялайт: 
1) мониторинг: 
Комиссия бекиткен методикага (2013-жылдын 25-июнундагы № 144 2014-жылдын 6-мартындагы № 30, 2015-жылдын 12-майындагы № 47, 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 39 өзгөртүүлөр жана толуктоолор редакциясындагы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө методикасы) ылайык эсептелген мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктаган (ар кварталдык жана ар жылдык негизде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторинги) макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жана алардын Келишимдин 63-беренесинде белгиленген сандык маанилерге ылайык келишин;
ушул Протоколдун IV бөлүгүндө аныкталган экономиканын өнүгүүсүнүн деңгээлинин жана динамикасынын көрсөткүчтөрүн (Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикасынын өнүгүү деңгээлин жана динамикасын аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторинги жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин интеграция даражасын аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторинги ар кварталдык жана ар жылдык негизде);
2) мүчө мамлекеттер менен макулдашуу боюнча Жогорку кеңеш бекиткен төмөнкү документтерди иштеп чыгуу: Бирликтин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары (2030-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары);
2) мүчө мамлекеттер менен макулдашуу боюнча Жогорку кеңеш бекиткен төмөнкү документтерди иштеп чыгуу: Бирликтин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары (2030-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары);
мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары (кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары);
мүчө мамлекеттер Келишимдин 63-беренесинде көрсөтүлгөн экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанисинен ашып кеткен учурда экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган биргелешкен чаралар;
3) иштеп чыгуулар:
мүчө мамлекеттер Келишимдин 63-беренесинде көрсөтүлгөн экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн сандык маанисинен ашып кеткен учурда экономикалык кырдаалды турукташтырууга багытталган сунуштар (кабыл алынган Комиссиянын сунуштары);
божомолдордун сырткы параметрлеринин белгиленген интервалдык сандык маанисинин негизинде аналитикалык (маалымдама) максаттарда Бирликти социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолдору (иштелип чыккан кыска, орто жана узак мөөнөттүү мезгилге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолдору);
4) мүчө мамлекеттерде калыптанып калган экономикалык кырдаалга тиешелүү маселелер боюнча экономиканы турукташтырууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн консультацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
5) мүчө мамлекеттерди социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн расмий божомолдорун даярдоо үчүн Комиссия бекиткен божомолдордун сырткы параметрлеринин интервалдык сандык маанисин мүчө мамлекеттер менен макулдашуу (2016-жылдын 19-декабрындагы № 168 Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн расмий божомолдорун даярдоо үчүн божомолдордун сырткы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин макулдашуу тартиби жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн расмий божомолдорун даярдоо үчүн божомолдордун сырткы параметрлеринин интервалдык сандык маанилери);
6) талдоо:
кабыл алынган чечимдердин мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин экономикалык ишмердигинин шарттарына жана ишкердик активдүүлүгүнө таасирин;
макулдашылган макроэкономикалык саясаттын мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарына ылайык келиши жаатындагы чараларды (макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жөнүндө отчеттор);
​7) макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү максатында мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен Комиссиянын ортосунда маалыматтарды алмашуу (2016-жылдын 2-июнундагы № 59 макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда маалымат алмашуунун тартиби).

IV. Экономиканын интеграциялык даражасынын, өнүгүү деңгээлинин жана динамикасынын, божомолдордун сырткы параметрлеринин көрсөткүчтөрү

5. Интеграция даражасын аныктоо үчүн төмөнкүдөй көрсөткүчтөр пайдаланылат:
1) ар бир мүчө мамлекеттин экономикасына багытталган улуттук инвестициялардын көлөмү, анын ичинде тикелей инвестицияларын көлөмү (АКШ доллары менен); 
2) ар бир мүчө мамлекеттен улуттук экономикага келип түшкөн инвестициялардын, анын ичинде тикелей инвестициялардын көлөмү (АКШ доллары менен); 
3) мүчө мамлекеттин экспортунун жалпы көлөмүндө ар бир мүчө мамлекеттин үлүшү (пайыздар менен); 
4) мүчө мамлекеттин импортунун жалпы көлөмүндө ар бир мүчө мамлекеттин үлүшү (пайыздар менен); 
5) мүчө мамлекеттин экспортунун тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө ар бир мүчө мамлекеттин үлүшү (пайыздар менен). 
6. Экономиканын өнүгүү деңгээлин жана динамикасын аныктоо үчүн төмөнкүдөй көрсөткүчтөр пайдаланылат: 
1) ички дүң продукттун өсүш темпи (пайыздар менен); 
2) сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча калктын жан башына ички дүң продукт (АКШ доллары менен); 
3) төлөм балансынын учурдагы операцияларынын эсебинин сальдосу (АКШ долларын менен жана ички дүң продукттун пайыздары менен); 
4) керектөө бааларынын индексинин негизинде эсептелген улуттук валютанын реалдуу натыйжалуу алмашуу курсунун индекси (пайыздар менен). 
7. Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттер менен макулдашуу боюнча ушул Протоколдун тийиштүү түрдө 5- жана 6-пункттарында көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланып, мүчө мамлекеттердин экономикасынын интеграциялык даражасынын, деңгээлинин жана динамикасынын башка көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
8. Мүчө мамлекеттер 3 жылдык мезгилге интервалдык сандык маанинин божомолдун төмөнкүдөй сырткы параметрлерин макулдашат:
дүйнөлүк экономиканын өнүгүү арымы;
Brent маркасындагы мунайдын баасы.
Мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий божомолдорун түзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органдары тышкы соода операцияларынын абалы, анын ичинде өз ара соодадагы абалы жөнүндө маалымат алмашышат. Айрым мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий божомолдорун калыптандыруу үчүн Россия Федерациясы аталган ыйгарым укуктуу органдарга Комиссия бекиткен тартипте ички керектөө үчүн берилип жаткан жаратылыш газына божомолдуу баанын өзгөрүшүнүн болжолдуу интервалдары жөнүндө маалымат берет.
Россия Федерациясы макроэкономикалык божомолдоо максатында берген аталган маалыматтар болжолдонгон мезгилде мүчө мамлекеттерге жаратылыш газын берүү баасы боюнча Россия Федерациясынын милдеттенмеси болуп саналбайт.
Мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктары жүргүзүлүп жаткан курстук саясат жөнүндө бири-бирине маалымат беришет.
9. Макроэкономикалык божомолдоо максатында маалыматтарды алмашуу мүчө мамлекеттердин тийиштүү маалыматтардын купуялуулугуна карата талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
10. Жогорку кеңеш тарабынан мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий божомолдорун иштеп чыгууда пайдаланылган божомолдордун сырткы параметрлерин кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.​