Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыИш-аракеттерИнтеграция жана макроэкономика
Глазьев Сергей Юрьевич

Глазьев Сергей Юрьевич

1961-жылдын 1-январында төрөлгөн.

1983-жылы М.В. Ломоносов атындагы ММУну «Экономикалык кибернетика» адистиги боюнча бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 1983-жылы баштаган. 1983-жылдан 1991-жылга чейин СССР Илимдер академиясынын Борбордук экономика-математика институтунда аспирант болгон, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, лаборатория башчысы кызматтарында иштеген.

1991-1992-жылдар аралыгында – Россия Федерациясынын Тышкы экономикалык байланыштар комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.

1993-жылы Россия илимдер академиясынын Борбордук экономика-математика институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, лаборатория башчысынын милдеттерин аткаруучу болгон, Россия Федерациясынын тышкы экономикалык байланыштар боюнча министринин биринчи орун басары кызматын ээлеген.

1993-1996-жылдар аралыгында – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Мамлекеттик Думанын Экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасы.

1996-жылы Россия Федерациясынын Коопсуздук Кеӊешинин Аппаратынын Экономикалык коопсуздук башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

1996-1999-жылдар аралыгында – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын

Федерация Кеңешинин Аппаратынын Маалыматтык-талдамалык башкармалыгынын башчысы.

1999-2003-жылдарда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, МДнын Экономикалык саясат жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасы, мүчөсү, МДнын Кредиттик уюмдар жана каржы рыноктору боюнча комитетинин мүчөсү болуп турган.

2003-2007-жылдар аралыгында – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, МДнын Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөсү, МДнын Бюджет жана салыктар боюнча комитетинин мүчөсү.

2008-2012-жылдар аралыгында ЕврАзЭКтин генералдык катчысынын орун басары кызматын ээлеген.

2009-2012-жылдарда – Бажы бирлигинин Комиссиясынын жооптуу катчысы.

2012-2019-жылдар аралыгында – Россия Федерациясынын Президентинин кеӊешчиси.

2015-жылдан азыркы убакытка чейин – М.В. Ломоносов атындагы ММУнун мамлекеттик башкаруу факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу теориясы жана методологиясы кафедрасынын жетекчиси.

2019-жылдын октябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды.

Экономикалык илимдер доктору, профессор, РИА академиги.

Бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси: «Москванын 850-жылдыгынын эсине» медалы (1997-ж.), Россия Федерациясынын Президентинин ыраазычылыгы (2010-ж.), Достук ордени (2011-ж.), Россия Федерациясынын Коопсуздук Кеӊешинин «Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга салымы үчүн» медалы (2011-ж.), Коопсуздук Кеӊешинин мааракелүү медалы (2017-ж.).

Башка сыйлыктар – Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын ардак грамотасы (2001-ж.), Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын ыраазычылыгы (2006-ж.), «Россиянын Мамлекеттик Думасынын негизделгендигине 100 жыл» мааракелүү эстелик медалы (2006-ж.), «Евразия экономикалык бирлигин түзүүгө салымы үчүн» 1-даражадагы медалы (2015-ж.), Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын

Федерация Кеңешинин Төрагасынын ыраазычылыгы (2011-ж.).

300дөн ашуун илимий иштердин автору, алардын арасында – «Узак мөөнөттүү техникалык-экономикалык өнүгүү теориясы» (1993-ж.), «Глобалдык кризис шарттарында Россиянын озуп өнүгүү стратегиясы» (2010-ж.), «Кезектеги орус революциясынын сабактары: либералдык утопиянын кулашы жана «экономикалык кереметке» шанс» (2011-ж.), «Украина катастрофасы» (2015-ж.), «Келечек экономикасы» (2016-ж.), «Акыркы дүйнөлүк согуш. АКШ баштап, жеңилүүдө» (2016-ж.), «XXI кылымда лидерлик үчүн күрөш» (2017-ж.), «Келечекке секирик» (2018-ж.) монографиялары.