Вход
Информация-о-пенсионном-обеспечении
Изменен в 27.11.20 13:10 пользователем: admin
Европа бирлигинин өлкөлөрүндө эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалымат

          Ар бир адамдын маанилүү укуктарынын бири социалдык камсыздоого укук, б.а. жумушсуздукка, убактылуу эмгекке жараксыздыкка, майыптуулукка, жесирликке, карылыкка же адамдан көз каранды болбогон жагдайлардан улам жашоого каражаттарды жоготуунун башка учурларына байланыштуу жөлөкпул алуу укугу болуп саналат. Бул укук Адам укуктарынын жалпы декларациясы (1948) жана Адамдын жана жарандын экономикалык, социалдык жана маданий укуктары жөнүндө эл аралык пакт сыяктуу актыларда бекемделген.

          Европа бирлигинин (мындан ары - ЕБ) социалдык саясатты жүзөгө ашыруусунун негизги багыттары жумуштуулуктун жогорку деңгээлин камсыздоо жана жумушсуздуктун деңгээлин кыскартуу, туруктуу жашоо деңгээлин камсыздоо жана калкты социалдык коргоо, миграция маселелерин жөнгө салуу болуп саналат.

          Жумушчу күчүнүн эркин кыймылы принциби Европа Коомдоштугунун негизинде жатат, аны жүзөгө ашыруу ЕБ жарандарына иштөөгө уруксат алуу зарылчылыгы жок ЕБ башка мамлекетинде иштөө, бул максатта ал жакта жашоо, эмгек мамилелери аяктагандан кийин дагы өлкөдө калуу жана турган өлкөнүн жарандары менен бирдей ишке орношуу укугун, татыктуу эмгек шарттарын жана бардык социалдык жана салыктык жеңилдиктерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай шарттарда жүрүү боюнча чектөөлөрдү киргизүүсүз социалдык (биринчи кезекте, пенсиялык) камсыздоого укуктарды сактоо жөнүндө маселе жаралды. Иш издөө максатында европа өлкөлөрүнүн ортосунда эмгекчилердин миграция процесси 20-кылымдын башталышынан тартып туруктуу өнүгүүгө ээ болду жана мамлекеттер аралык жөнгө салууну талап кылган, социалдык камсыздоо жаатында бир катар курч көйгөйлөрдүн жаралышына алып келди. Европадагы биринчи социалдык камсыздоо жөнүндө эки тараптуу келишим 1904-жылы Франция менен Италиянын ортосунда түзүлгөн. Ал социалдык камсыздоодо улуту боюнча басмырлоого тыюу салган. Бул тараптар мигранттарга өз жарандарына сыяктуу социалдык камсыздоо жаатындагы укуктарды берүүгө милдеттенгенин түшүндүрөт. 2 Ошондон тартып социалдык камсыздоонун улуттук системаларын координациялоо көптөгөн эл аралык уюмдардын ишинин маанилүү багытын түзөт.

          1935-жылы Эл аралык эмгек уюму (мындан ары – ЭЭУ) мигранттардын алган же ала турган укуктарын сактоону кепилдөө үчүн, карылык, майыптуулук жана багуучуну жоготуу учуру боюнча пенсиялар жөнүндө мыйзамдардын координациялык системасын түзүүнүн демилгечиси болгон.

          Социалдык камсыздоо жаатындагы улуттук мыйзамдарды координациялоо жолундагы кийинки кадам №118“Социалдык камсыздоо жаатындагы тең укуктар жөнүндө” конвенция болуп калган(1962). Бул Конвенциянын 2-беренеси Уюмдун каалаган мүчөсү өзүнө төмөндө саналган, анын аймагында өз жарандарына карата натыйжалуу колдонулган мыйзамдарга ээ болгон, социалдык камсыздоонун бир же бир нече тармактарына карата ушул Конвенциянын жоболорун аткаруу милдеттенмесин ала алаары аныкталган: медициналык жардам; оору боюнча жөлөкпул; багуучуну жоготуу учуру боюнча жөлөкпул; эмгек майып болуу жана кесиптик оору учурундагы жөлөкпул; жумушсуздук боюнча жөлөкпул; үй-бүлөлүк жөлөкпул. Жогоруда аталган конвенция чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга социалдык камсыздоо чөйрөсүндө өлкөнүн жарандары менен тең укуктарды берүүнү карайт. Бул үчүн камсыздандыруу, жалданып иштөө же алган укуктарды сактоо максатында жашап туруу мезгилдерин кошууга болот. Европа континентинде социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарды координациялоодо чоң ролду Европа Экономикалык Шериктештиги (мындан ары – ЕЭШ) – Евробирлигинин экономикалык өзүнөн мурдагы уюму ойногон.

          1958-жылы ЕЭШ Кеңеши “Эмгек мигранттарын социалдык камсыздоо жөнүндө” № 3 жана № 4 регламенттерди, ал эми 1961-жылы – “Мигранттардын үй-бүлөлөрүн социалдык камсыздоо жөнүндө” № 16 регламентти кабыл алган. Бул регламенттер белгилүү адамдар чөйрөсүнө жайылтылган: - бир же бир нече мамлекеттин социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдары менен камтылган жана бул мамлекеттердин биринин жараны болуп саналган, жалданган жумушчулар жана аларга теңештирилген адамдар; 3–мамлекеттердин биринин аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар жана качкындар; - көрсөтүлгөн калктын топторунун үй-бүлө мүчөлөрү. Регламенттер социалдык камсыздоонун бардык түрлөрү боюнча жалпы жана атайын камсыздандыруу системаларына тиешелүү бардык колдонуудагы жана келечектеги мыйзам актыларына карата колдонулган. Регламенттер бардык мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн бирдей мамиле кылуу принцибин бекиткен. Мындан тышкары алар көпчүлүк мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында камтылган аймактуулук принцибинен четтөөгө жол беришкен. Бул, биринчи кезекте, эгерде багуучу бир өлкөнүн социалдык камсыздоо системасы менен камтылып, ал эми анын үй-бүлөсү башка өлкөнүн аймагында жашаган, багуучуну жоготуу учуру боюнча пенсияга тиешелүү болгон. Акыры ар башка мүчө мамлекеттердин мыйзамдары боюнча жумуштуулук мезгилинин узактыгын жана камсыздандыруу стажын эсептөөнү жүргүзүүгө уруксат берилген. Бирок, аталган көп тараптуу актыларды кабыл алууга карабастан, мурдагыдай эле көп сандагы эки тараптуу макулдашууларды колдонуу улантылган. Ар кандай социалдык камсыздоо системаларын координациялоону тездетүү үчүн, ЕЭШ Комиссиясы европа регламенттерин кайра кароого киришүүгө аргасыз болгон. 14.06.1971-жылдагы №1408/71 “Коомдоштуктун алкагында көчүп жүргөн жалданып иштеген адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата социалдык камсыздандырууну колдонуу жөнүндө”; 21.03.1972-жылдагы №574/72“ 1971-жылдагы регламентти колдонуу формалары жөнүндө”. Регламенттерге ылайык социалдык камсыздоо укугун жалданма жумушчулардын жаңы категориялары алышкан: чек ара райондорунун эмгекчилери, сезондук жумушчулар, моряктар ж.б., ошондой эле жалдоо боюнча эмес иштеген айрым адамдар (Италияда жана ФГРда кол өнөрчүлөр, Италияда фермерлер ж.б.). Социалдык камсыздоонун төмөндөгү түрлөрүнө карата мыйзамдарды колдонуу кеңейтилген: жаш курагы, майыптуулугу жана багуучусун жоготкондугу боюнча пенсия; жумушсуздук боюнча жөлөп пул; үй-бүлөлүк жөлөкпул. Аталган маселелер боюнча көптөгөн эл аралык келишимдердин мазмунун бириктирүү ЭЭУ № 157 “Социалдык камсыздоо жаатында укуктарды сактоо эл аралык системасын орнотуу жөнүндө” Конвенциясын (1982) жана №167 Сунуштамаларды (1983) кабыл алуу менен аяктаган. 50 жыл мурун колдонууга киргизилген, социалдык камсыздоону жөнгө салган ЕБ 4 нормативдери дүйнөдө социалдык камсыздоону координациялоонун эң прогрессивдүү системасы деп эсептелет. Нормативдер ЭЭУ № 102 Конвенциясы менен каралган дээрлик бардык негизги тогуз тобокелдикке тиешелүү: оору, убактылуу эмгекке жараксыздык, өндүрүштөгү авария, баланын төрөлүшү, жумушсуздук, карылык, үй-бүлөлүк милдеттер жана өлүм. Мурдагы 1408/71 Регламентти алмаштырып, ЕБде “Социалдык коргоо системаларын координациялоо жөнүндө” №883/2004 ЕБ Регламенти кабыл алынган. Бул Регламентти имплементациялоо максатында Европа Парламентинин жана Кеңешинин 2009-жылдын 16-сентябрындагы  “Европа Парламентинин жана Кеңешинин 29.04.2004-жылдагы “Социалдык камсыздоо системасын координациялоо жөнүндө” Регламентин колдонуу үчүн шарттарды белгилөө тууралуу” №987/2009/ЕБ Регламенти кабыл алынган. Регламентти колдонуу чөйрөсү Европа экономикалык зонасынын (ЕЭЗ) өлкөлөрүнө жана Швейцарияга кеңейтилген. Бирок улуттуктан жогору түзүмдөр иштеген ЕБде дагы, социалдык камсыздоо маселелеринде аларга сейрек учурларда гана кийлигишүү менен, мисалы, ЕБ Сотунун чечими боюнча “улуттук мыйзамдардын негизинде гана пенсиянын өлчөмүн кыскартуу аркылуу, ЕБ ар башка мүчө мамлекеттеринде ыйгарылган эки же андан көп пенсияны айкалыштырууга чектөө салган эрежелерди” укугу жок деп жарыялоо менен гана, пенсиялык камсыздоо улуттук системаларын унификациялоонун өз жолунда жүргөн эмес. ЕБ Регламентин колдонуу чөйрөсү – мүчө мамлекеттердин жарандары, жарандыгы жок адамдар жана ЕБ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу жашаган качкындар, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана мураскорлору. Регламент эрежелерди имплементациялоо чараларын жана тартибин тактап жана бардык кызыкдар тараптар үчүн аларды колдонууну жеңилдетип, ЕБ мүчө мамлекеттеринин социалдык камсыздоо системаларын координациялоо эрежелерин модернизацияланган, бирок пенсиялык системага жаңы нерсе киргизген эмес. Анын преамбуласында түз айтылган: “социалдык коргоо жаатындагы улуттук мыйзамдардын өзгөчө мүнөздөмөлөрүн сактоо жана макулдашуу системасын гана иштеп чыгуу керек”, ошондуктан ал социалдык камсыздоо системаларын түзүүдө мүчө мамлекеттердин суверенитетине аяр мамиле кылган жана милдеттенмелерди аткарууда алардын иш-аракеттерин координациялоо түрүндө башка жолго коюу милдетине ээ болуу менен, уюштуруу боюнча олуттуу айырмаланган мүчө өлкөлөрдөгү пенсиялык системаларды минималдуу козгогон. 5 Ушундан улам Регламент төмөндөгү принциптерге негизделет:

          -Бирдей мамиле кылуу принциби (Регламенттин 4-беренеси) социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө чет өлкөлүктөрдү басмырлабоону түшүндүрөт. Аларга карата № 883/2004/ЕС Регламенти колдонулган адамдар мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өз жарандар сыяктуу эле укуктарга ээ болуп жана ошол эле милдеттерди аткарышы керек. Бирдей мамиле кылуу талабы башка мүчө мамлекеттерде алынган негиздеме бирдей мамиле кылуу талабы үчүн сакталышы керек деген талапты дагы камтыйт. – Төлөмдөрдүн, маалыматтардын, жагдайлардын же окуялардын бирдей маанилүүлүк принциби (№883/20094/ЕС Регламентинин 5-беренеси) юридикалык фактылардын тең абалын чагылдырат. 5-берене №883/2004/ЕС Регламентинин негизги новелласы болуп саналат. Биринчи жолу алар кайсы мүчө мамлекетте түзүлгөнүнөн көз карандысыз, иштин жагдайынын бардык элементтеринин кеңири теңдиги түзүлгөн. Бул принципти колдонууда улуттук мыйзамдар менен кабыл алынган юридикалык фактылар үчүн чектөөлөр мүмкүн болбой калат. – ЕБ башка өлкөлөрүндөгү жумуштуулук мезгилдерин кошуу, башкача айтканда, эсепке алуу (Регламенттин 6-беренеси). Практикада бул ЕБ өлкөлөрүндө пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрү аларды төлөгөн адам бул өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин сактала турганын түшүндүрөт. Бирок мында бир дагы өлкө башка мүчө өлкөнүн мыйзамдары боюнча төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү өзүнө албайт. – Бир түрдөгү жөлөкпулду кайталоого жол бербөө (Регламенттин 10-беренеси), адам бир эле убакта бир нече бирдей жөлөкпулду алууга талаптана албаганда.

          Мында, карылык боюнча жөлөкпул кирген жашоо циклинин тобокелдиктери учурунда, жөлөкпулдун пропорционалдуу төлөмү пайдаланылат. Бул үчүн кош эсеп технологиясы колдонулат – бир жолу максималдуу мөөнөттө турган өлкөнүн системасы боюнча жана бир жолу чет өлкөдө иштеген жылдарды эске алуу менен пропорционалдуу негизде. Бирден ашык өлкөдө иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн адамга пенсия алуу укуктарын аныктоо үчүн акыркы камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө орду боюнча пенсиялык камсыздандыруу органына аны тариздөө үчүн  кайрылып жана ЕБ жана Европа экономикалык зонасынын (ЕЭЗ) алкагында чет өлкөдө же Швейцарияда анын пенсиялык камсыздандыруу төлөмдөрү бар экени жөнүндө билдириши керек. Ошондой бул орган пенсия алуу укуктарын аныктоонун мамлекеттер аралык процессине киришет.

          Адам жок дегенде бир жыл камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн ар бир өлкө анын мыйзамдарында каралган пенсияны ага төлөп берет, бирок адам ал жакта аныкталган пенсиялык куракка жеткен шартта гана төлөйт. – Жөлөкпулдарды экспорттоо аны адам төлөөчү өлкөнүн чегинен тышкары туруктуу жашаган учурда дагы ала алаарын карайт. – Электрондук документ жүгүртүү – ЕБ мүчө мамлекеттеринин уюмдарынын ортосунда маалыматтарды тез жана ишенимдүү алмашуунун эң ыңгайлуу жолу. Электрондук иштетүү бардык кызыкдар жактар үчүн тиешелүү процедураларды тездетет.

          - Адамдын алган жана алуу баскычында турган жеңилдиктерди жана укуктарды жоготуп алуудан коркпостон, ЕБ чегинде эркин жүрүүнү шарттаган укуктарды сактоо принциби, бул үчүн пенсиялык укуктарды аныктоодо жогоруда аталган жыйнактоо принциби колдонулат. – Камсыздандырылган адамдардын укуктарын пайдалуу шарттарда тез жүзөгө ашыруу ЕБ алкагында пенсиялык системаларды башкаруу органдарынын ишин координациялоо жана жөлөкпулдарды экспорттоо аркылуу камсыздалат. – Алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоо, ошондой эле административдик процедуралар боюнча сунуштарды берүү керек болгон кызыкдар жактар менен ишенимдүү мамилелер принциби. Кызыкдар жактар, кырдаалга жараша, камсыздандырылган адамдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана/же алардын тирүү калган жубайы, ошондой эле башка адамдар болушу мүмкүн. Координациялоо механизмдери жана регламенттери мүчө өлкөлөрдө жана жалпысынан ЕБде болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайык тынымсыз жаңыртылат жана өркүндөтүлөт. Акыркы жылдары бир катар новациялар кабыл алынды. Улутунан көз карандысыз бирдей мамиле кылуу принциби күчөтүлдү. Мындан тышкары ак ниеттүү администрациялоо принциби киргизилген, мында ЕБ мүчө өлкөлөрүнүн институттары жарандардын кызыкчылыгында бир бири менен кызматташууга жана бири бирине жардам кылууга милдеттүү. “Ак ниеттүү администрациялоо” милдети электрондук маалымат алмашуу жолдорунун жардамы менен чечилиши керек. Буга байланыштуу азыркы убакта бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү жана киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат, ал ЕБ өлкөлөрүнүн социалдык камсыздоо улуттук институттарынын 50 000ден ашык филиалдарын 7 бириктирет.

          ЕБде колдонулган эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жаатындагы ченемдерди бир катар мисалдар менен сүрөттөөгө болот. Эгерде камсыздандырылган адам ЕБ бир нече өлкөсүндө иштесе, анда ал алардын ар биринде пенсиялык укукту түзгөн. Мында камсыздандырылган адам же жашаган өлкөдө, же акыркы жолу иштеген өлкөдө пенсияга өз укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн кайрыла алат. Камсыздандырылган адам ал мурда таптакыр иштебеген өлкөдө жашаса, анда жашаган өлкөнүн пенсия органдары анын атынан пенсияны аныктоо талабы менен ал акыркы жолу иштеген өлкөгө кайрылат. Бардык учурда, арызды кароо, төлөнгөн төгүмдөр жөнүндө жазууларды бириктирүү жана камсыздандырылган адам иштеген бардык өлкөлөрдө топтолгон пенсиялык укуктарды эсепке алуу үчүн бир өлкө жооп берет. Пенсия дайындоо үчүн талап кылынган документтер бир өлкөдө экинчи өлкөдөн айырмаланып турат, бирок олуттуу бөлүгү унификацияланган жана өздүгүн күбөлөндүрүү процедурасына жана банк реквизиттерине барып такалат. Европалык интеграциянын мүнөздүү өзгөчөлүгү жөлөкпулдар системаларынын ар түрдүүлүгүн жана аларды дайындоо шарттарын сактоо болуп саналат, ушундан улам камсыздандырылган адамга карата кайрылган өлкөнүн ченемдери колдонулат. Бирок пропорционалдуулук принциби колдонулгандыгына байланыштуу, пенсиянын бир бөлүгүн экспорттогон өлкөнүн жөнгө салуу ченемдери анын өлчөмүнө жана берүү шарттарына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн. Камсыздандырылган адам жашаган өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталган пенсиялык куракка жеткен учурда бул өлкөдө пенсия ала алат. Бирок эгерде башка өлкөлөрдө топтолгон пенсиялык укуктары болсо, анда бул өлкөлөрдө топтолгон пенсиянын тиешелүү бөлүгүн пенсиянын тиешелүү бөлүгүн экспорттой турган өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталган куракка жеткенде гана алууга болот. Жоромолдуу учурда, камсыздандырылган адам (аял) Данияда жана Францияда пенсиялык укуктарды калыптандырса, ал эми пенсияны дайындоо үчүн Францияда (жашаган өлкө) 60 жашында кайрылса, анда Данияда калыптанган пенсиянын бөлүгү пенсияны экспорттоочу өлкөнүн мыйзамдарында каралгандай, ал 67 жаш куракка чыкканда гана төлөнүп берилет.

          Квалификациялык талаптар (камсыздандыруу стажы) дагы ар башка болгондуктан, ЕБде квалификациялык мезгилдерди топтомдоо принциби колдонулат. Бул учурда пенсияны эсептөөнү жүргүзгөн орган камсыздандырылган адам ЕБ өлкөлөрүндө иштеген бардык мезгилди көңүлгө алат жана аларды камсыздандырылган адам бул өлкөдө иштегендей эсепке алат. Бул негизде стаждык пенсиянын акыркы өлчөмүнө таасирин баалоо жүргүзүлөт. Камсыздандырылган адам 4 жыл Германияда жана 32 жыл Португалияда иштеген вариантты мисал катары келтирүүгө болот. Германияда минималдуу камсыздандыруу стажы 5 жыл өлчөмүндө белгиленгендиктен, камсыздандырылган адам Германиянын пенсиялык системасынан төлөмдөрдү алууга талаптанууга укуктуу эмес деп жоромолдонушу мүмкүн. Бирок ЕБ мыйзамдарына ылайык Германиянын пенсия органдары стажды топтомдоо принцибине жараша, Португалияда иштеген жылдарды көңүлгө алууга милдеттүү. Айрым процедуралар бир жылдан аз камсыздандыруу мезгилдерин эсепке алуу үчүн каралган. Бул учурларда жалпы эреже боюнча мындай мезгилдер камсыздандырылган адам көбүрөөк иштеген өлкөдө эсепке алына турган камсыздандыруу стажынын алкагында камсыздандыруу мезгилдерине кошулушу керек. ЕБ өлкөлөрүндө пенсияны эсептөө процедурасы өзүнчө белгилөөгө татыктуу. Анын өлчөмүн аныктоо “ЕБ эквиваленттүү деңгээлин” (EU-equivalentrate) эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Бул эрежеге ылайык, камсыздандырылган адам иштеген ар бир өлкөнүн пенсия органдары анын камсыздандыруу стажынын бардык мезгилдерин кошот (анын ичинде ЕБ башка өлкөлөрүндөгү), камсыздандырылган адамдын мындай камсыздандыруу стажында бул өлкөдөгү пенсиясынын өлчөмү кандай болоорун аныктайт (пенсиянын теориялык деңгээли). Андан кийин бул теориялык өлчөм бул өлкөнүн пенсиялык схемасына иш жүзүндө катышуу мөөнөтүнө пропорционалдуу азайтылат (пропорционалдуу пайданы аныктоо - proratabenefit). Мындай учурда, эгерде камсыздандырылган адам өлкөлөрдүн биринде ЕБ башка өлкөлөрүндө камсыздандыруу мезгилдерин эсепке алуудан көз карандысыз толук пенсияны алууга укуктуу болсо, анда ага көз карандысыз пенсия эсептелет. Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө жараша, пенсия органы өлчөмү боюнча чоң пенсияны аныктайт, бул тууралуу камсыздандырылган адамга жүйөлүү чечимде маалымдайт. 

          Маалыматтык ресурс http://europa.eu/youreurope/citizens/work/retire-abroad/state-pensions-abroad/index_en.htm 9

          Европа бирлигин өлкөлөрүндө эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо тажрыйбасын талдоонун жыйынтыктары боюнча корутундулар. Социалдык камсыздоону координациялоо боюнча ЕБ жоболору социалдык камсыздоо улуттук системаларынын жоболорун бирдиктүү европалык мыйзам менен алмаштырууну карабайт. Социалдык камсыздоо улуттук системаларын унификациялоонун ордуна ЕБ ченемдери аларды координациялоону карайт. Мында ЕБ мамлекеттеринин ортосунда социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга жол берилет. Координациялоо жөнүндө европа жоболору бардык улуттук бийлик органдары, социалдык камсыздоо институттары, улуттук мыйзамдарды колдонгон соттор жана трибуналдар сакташы керек болгон жалпы эрежелерди жана принциптерди карайт. ЕБ координациялоо эрежелери беш принципке негизделген: - улутунан көз карандысыз бирдей мамиле кылуу; -улуттук системаларда калыптанган камсыздандыруу стажын жыйнактоо; - ЕБ катышкан өлкөлөрдүн чек арасында пенсияны (жөлөкпулдарды) экспорттоо; - мыйзамдарды бирдей колдонуу; - социалдык камсыздандыруу институттарынын административдик органдарынын ортосундагы координация. Улуттук пенсиялык системалардын иштөөсүнө ЕБ ачык кийлигишүүсү бир багыт боюнча – бенефицияларды алууга жарандар үчүн катаал чектөөлөрдү жокко чыгаруу бөлүгүндө Европа Сотунун чечимдерине карата гана байкалат. Европалык эки тараптуу макулдашуулар дагы, ЕБ регламенттери дагы миграцияга болгон укуктарды камсыздоо – адамдардын камсыз кылынгандык деңгээлин жогорулатуунун кепили деген жалпы шарттан келип чыгат. Алар мамлекеттик чек арадан тышкары социалдык камсыздоо улуттук системаларынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу толук пайдаланууну камсыздоого багытталган. Экономиканы глобалдаштыруу жана жумушчулардын миграциясы бардык жерде жайылган шарттарда социалдык камсыздоого укуктарды эл аралык координациялоо маселелери өзгөчө актуалдуулукка жана мааниге ээ болот. Унификацияланган укуктук мейкиндикти түзүүнүн негизинде мыйзамдарды жакындаштыруу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө интеграциялык процесстердин маанилүү түзүмү болуп саналат. Социалдык камсыздоону укуктук жөнгө салууну координациялоону жакшыртуу үчүн камсыздоо системасын координациялоо социалдык камсыздоо жаатында эмгекчилердин эркин жүрүүсүн ишке ашыруу үчүн керектүү чараларды карашы керек.

          Евразия экономикалык бирлигинин алкагында азыркы убакта Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун долбоору (мындан ары – Макулдашуунун долбоору) иштелип чыкты, анда ЕБ өлкөлөрүнүн пенсиялык системаларын координациялоонун европалык эрежелерине окшош принциптер бекемделген.

          Макулдашуунун долбоору, ЕБ эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоону жөнгө салган эл аралык ченемдик укуктук актылар сыяктуу, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилеринин (мындан ары – эмгекчилер, мүчө мамлекет) ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен тең укуктарын камсыздоону карайт.

          Макулдашуунун долбоору пропорционалдуу принципте түзүлгөн, б.а. ар бир мамлекет өз аймагындагы иш стажынын мезгили (калыптанган укуктар) үчүн төлөйт.

          Ар бир мүчө мамлекет улуттук мыйзамдарга ылайык пенсияга болгон укукту аныктайт жана анын өлчөмүн эсептейт. Мындан тышкары, Макулдашуунун долбоору пенсиянын экспортун карайт. Муну менен катар, ЕБ тажрыйбасына талдоо жүргүзүү Макулдашуунун долбоору боюнча көйгөйлүү маселени чечүүнүн чечимдин бир маанилүү варианттарын берген жок, атап айтканда, Россия Федерациясынын эгерде Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ЖПК чоңдугу пенсияга укуктардын пайда болушу үчүн жетишсиз болсо, мүчө мамлекеттердин аймагындагы иш стажы үчүн жеке пенсиялык коэффициенттин (мындан ары - ЖПК) чоңдугун эсептөө маселеси боюнча. Белгилей кетсек, ЕБ айрым өлкөлөрүндө (Германия, Словакия Республикасы, Франция, Хорватия Республикасы, Эстония) ушул сыяктуу ЖПК параметри (коэффициенти) бар, мында, ал пенсиянын өлчөмүн эсептөө үчүн гана колдонулат, ал эми Россия Федерациясында ЖПК пенсияга укуктарды аныктоо үчүн дагы, пенсиянын өлчөмүн эсептөө үчүн дагы колдонулат.

          Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо маселелеринде ЕБ тажрыйбасын талдоо, иштелип чыккан Макулдашуунун долбоорунун ченемдери ЕБ өлкөлөрүнүн пенсиялык системаларын координациялоонун европалык эрежелеринин ченемдерине окшош экенин көрсөтөт.