Вход
Временные-меры-в-сфере-миграции
Изменен в 27.11.20 13:20 пользователем: admin
Миграция чөйрөсүндөгү убактылуу чаралар ЕАЭБ алкагында мүчө мамлекеттердин жарандарына турган мамлекеттин аймагында мыйзамдуу туруу мүмкүнчүлүгүн берет

 

Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чаралардан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эмгекчилери өз мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой, оор абалга кабылышты.

Түзүлгөн жагдайга байланыштуу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрү тарабынан турган мамлекеттин аймагында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жарандарынын укуктук абалын жөнгө салууга багытталган бир катар чаралар көрүлдү.

 

 Армения Респ​убликасы:

 

Армения Республикасында киргизилген өзгөчө абалдын алкагында, Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча иштерди координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандардын туруу мөөнөтү ӨК режими аяктаганга чейин узартылды.

ӨК режими аяктагандан кийин бардык чет өлкөлүк жарандарга өлкөдөн чыгып кетүү же Армения Республикасынын аймагында андан ары туруу үчүн керектүү документтерди тариздөө үчүн жыйырма күндүк мөөнөт берилет.

 

Беларусь Республикасы:

 

Чет өлкөлүк жарандардын туруу мөөнөтүн узартуу Беларусь Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

 Казакстан Республикасы:

 

COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы аракеттенүү боюнча чектөөчү чараларга байланыштуу Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Өзгөчө абал режимин камсыздоо боюнча мамлекеттик комиссия 2020-жылдын 20-апрелине чейин Казакстанда болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн визаларды жана иштөөгө уруксаттарды узартуу, ошондой эле мурда колдонулган 57 өлкө үчүн визасыз режим жөнүндө жобо боюнча Казакстандын аймагына кирген, чет өлкөлүк жарандардын туруу мөөнөтүн 30 күнгө узартуу (бул ЕАЭБ бардык мүчө мамлекеттеринин жарандарына дагы тиешелүү) чечимин кабыл алды.

Чет өлкөлүк жарандардын жогоруда саналган категорияларына карата административдик таасир этүү чаралары колдонулбайт.

Кыргыз Республикасы:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, чет өлкөлүк жарандарды каттоо мөөнөтү өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилге узартылат.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болушун узартууну каалаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ӨК режими аяктаган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү.

 

Россия Федерациясы:

 

Россия Федерациясынын Президентинин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 “Жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” Жарлыгына, ошондой эле Россия Президентинин 2020-жылдын 15-июнундагы № 392 “Россия Федерациясынын Президентинин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 “Жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Россия Федерациясында миграция чөйрөсүндө убактылуу чаралар белгиленди жана чет өлкөлүк жарандарга россия аймагында мыйзамдуу туруу мүмкүнчүлүгү берилди.

Чаралардын аракети ЕАЭБ мамлекеттеринин бардык жарандарына жайылтылат.

Эгерде 2020-жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейинки мезгилде ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарында каттоосуз туруу (кирүү датасынан тартып алгачкы 30 сутка), каттоо (миграциялык каттоого алуу), убактылуу жашап турууга уруксат (УЖУ) же жашап туруу укугунун (ЖТУ) мөөнөтү аяктаса, анда бул мөөнөттөр Россия ИИМ аймактык органдарына баруу зарылчылыгы жок, автоматтык түрдө үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин узартылат (Жарлыктын 1-пунктунун а) пунктчасына ылайык).

Эгерде ЕАЭБ мамлекеттеринин жараны Россияда УЖУ жана ЖТУ ээ болсо жана 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейин Россиянын чегинен тышкары турса, анда бул мезгил чет өлкөдө болуу катары эсептелет (Жарлыктын 1-пунктунун б) пунктчасына ылайык).

2020-жылдын 15-мартынан тартып 15-сентябрына чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузганда депортациялоо же административдик чыгарып жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынбайт (Жарлыктын 2-пунктунун б) пунктчасына ылайык).

Муну менен катар мурда чыгарылган (2020-жылдын 15-мартына чейин) депортациялоо же административдик чыгарып жиберүү жөнүндө чечимдер артка жылдырылат, бирок жокко чыгарылбайт (Жарлыктын 1-пунктунун в) пунктчасына ылайык).

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 1170-р “РФ Өкмөтүнүн айрым буйруктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 635-р “Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Россия Федерациясына кирүүсүн убактылуу чектөө жана визаларды жана чакырууларды тариздөөнү жана берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө” Буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык Россия Федерациясынын чегинен чыгууга чектөө башка жарандыкка же жашап туруу укугуна же Россия Федерациясынан туруктуу жашаган жерге бир жолу чыгуу үчүн, чет мамлекетте туруктуу жашап турууга укукту тастыктаган башка документке ээ болгон Россия Федерациясынын жарандарына карата колдонулбайт.