Вход
Суюмбаева Паиза Усенбаевна

Суюмбаева Паиза Усенбаевна

1980-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетин артыкчылык менен, ал эми 1982-жылы клиникалык ординатурасын бүтүргөн.

2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “Жарандык укук” адистиги боюнча юриспруденция магистринин даражасын алган.

1982-жылдан 2001-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо органдарында ар кандай кызмат орундарында иштеген.

2001-жылдан 2005-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин Кадрдык саясат, илим, билим жана уюштуруу иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын ээлеген.

2005-жылдан 2010-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинде конкурстук тандоо, ротациялоо жана мамлекеттик кызмат өтөө бөлүмүнүн башчысы,  мамлекеттик кызмат өтөөнү камсыздоо башкармалыгынын башчысы, агенттик кайра түзүлгөндөн кийин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө борборунун башчысы.

2010-жылдан 2016-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы (министрдин биринчи орун басары рангында).

2016-жылдын октябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграция жана социалдык коргоо департаментинин директорлугуна дайындалган.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги”, “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги”, “Кыргыз Республикасынын Эсептик палатасынын мамлекеттик аудитинин отличниги” төш белгилери менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.