Sign In
Суу транспорту

Суу транспорту

 

Суу транспорту чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү максатында 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге (мындан ары – Биримдик жөнүндө келишим) «Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясаты жөнүндө протокол» №24 тиркемесинин «Суу транспорту» деп аталган IV. бөлүмү иштелип чыккан.


Биримдик жөнүндө келишимге №24 тиркеменин 15- жана 16-пункттарында жүргүзүлүп жаткан координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын алкагында суу транспортун өнүктүрүү жана мүчө мамлекеттердин ортосунда кеме жүргүзүү жөнүндө эл аралык келишимди түзүү каралган.


Биримдик жөнүндө келишимге №24 тиркеменин 15-пунктун жүзөгө ашыруу максатында: «Суу транспорту» бөлүмү даярдалган жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 26-декабрындагы №19 чечими менен бекитилген Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын негизги багыттарына жана баскычтарына (КТСНБ) киргизилген («Деңиз транспорту» жана «Ички суу транспорту» багыттары менен).


Биримдик жөнүндө келишимге №24 тиркеменин 16-пунктун жүзөгө ашыруу максатында Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында 2014-жылдын августунан тарта азыркы убакытка чейин Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча иш чаралар өткөрүлүп келет.


Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №120 чечими, Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын № 127 буйругу, Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 2-октябрындагы №31 буйругу, Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 10-октябрындагы №34 буйругу менен жактырылган. Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу маселеси боюнча Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин 2017-жылдын 25-октябрындагы №14 тапшырмасы кабыл алынган.


Суу транспортунун маселелери боюнча иш Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин суу транспорту боюнча кичи комитетинин, Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин, мүчө мамлекеттердин транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинин (Министрлердин кеңешмеси) алкагында жүргүзүлөт.


Транспорт жана инфраструктура департаменти суу транспорту маселеси боюнча БУУ ЕЭК СТК менен өз ара иштерди жүргүзөт.



Announcement.png 
 
Статистикалык дайындар жана материалдар

2017-жылдын январь-октябрындагы статистика​
2016-жылдын январь-октябрындагы статистика
2014-жылдагы статистика
Оператору жок сейилдөөчү кемелерди ижарага берүү жана алардын лизинги боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн (бербоут-чартер) бирдиктүү рыногун түзүү жөнүндө
Оператору жок сейилдөөчү кемелерди ижарага берүү жана алардын лизинги боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн (бербоут-чартер) бирдиктүү рыногун түзүү жөнүндө eng
Конвенциялардын талдоосу

Байланыштар
         
Суу жана аба транспорту бөлүмүнүн началниги
Шарипова Динара Хайрулловна
Телефон: +7 (495) 669-25-33
+7(495) 669-24-00, кош. 5333
e-mail: sharipova@eecommission.org

Суу жана аба транспорту бөлүмүнүн начальнигинин орун басары
Несветайлова Светлана Владимировна
Телефон: +7(495) 669-24-00, кош. 5337 


Пайдалуу шилтемелер

           Беларусь Республикасы
           Транспорт жана коммуникациялар министрлиги  – mintrans.gov.by
           Экономика министрлиги  – economy.gov.by

           Казакстан Республикасы
           Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүгүү министрлиги  – mir.gov.kz
           Улуттук экономика министрлиги  - economy.gov.kz
           «Казмортрансфлот» улуттук деңиз кеме жүргүзүү компаниясы» ЖЧК  - kmtf.kz
           Деңиз транспортунун ишкерлеринин ассоциациясы  - shipowners.kz
           Кеме ээлеринин жана деңиз индустриясынын ишкерлеринин ассоциациясы  - moryak.kz
           Казакстандын ишкерлеринин улуттук палатасы - palata.kz

           Россия Федерациясы​
           Транспорт министрлиги  – mintrans.ru
           Экономикалык өнүктүрүү министрлиги – economy.gov.ru
           Монополияга каршы федералдык кызмат  - fas.gov.ru
           Транспорт чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызмат  - rostransnadzor.ru
           Россиялык кеме жүргүзүү палатасы  - russian-shipping.ru
           Деңиз соода портторунун ассоциациясы - morport.com
           Россиялык экспедиторлор ассоциациясы - far-aerf.ru
​​​​
Деңиз өткөрүү пункттарындагы Бирдиктүү терезе механизми
ДӨП Бирдиктүү терезе механизминде маалыматтар менен электрондук алмашуу
«Порт индустриясына БЭМди түзүүнүн таасири» презентациясы
Ички суу транспорту ЕАЭБтин презентациясы
EAEU inland water transport​
​​​​