Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыИш-аракеттерЭнергетика жана инфраструктура
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич

Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич

1969-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасында төрөлгөн.

1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика жана математика факультетин бүтүргөн.

1996-жылы Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөн (эл аралык укук).

«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангы бар.

1997-жылдан 2013-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде бир катар кызмат орундарын ээлеп келген. Акыркы кызмат орду – Эл аралык укук департаментинин директору.

2013-жылдын июль айынан 2015-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу.

2015-жылдын март айынан 2018-жылдын февраль айына чейин – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.

2018-жылдын 20-февралынан тарта – Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр).