1980-жылы Бишкекте төрөлгөн.
2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук универститетин, 2012-жылы – Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн.
2002-2012-жылдарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинде адистен баштап бөлүм башчысынын орун басары – Министрдин кеңешчисине чейинки кызматтарды ээлеп турган.
2012-жылдан 2016-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында каржылык-экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт, бөлүм башчысынын орун басары.
2016-жылдын сентябрынан тарта азыркы убакытка чейин Евразия экономикалык комиссиясында Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директору болуп иштеп келет.