Мониторинг жана маалыматтык өз
ара аракеттенүү бөлүмү
Телефон: + 7 (495)
669 24 00
Хоршев Дмитрий
Юрьевич – департаменттин бөлүмүнүн башчысы, кош. 58-40Виноградова Светлана Анатольевна – бөлүм башчысынын орун басары, кош. 58-36
Слободчук Тимур Александрович – кеңешчи, кош. 58-44Умытбаев Берик Алтаевич – кеңешчи, кош. 58-42Карагулова Айгерим Мурзапаязовна – консультант, кош. 58-46Петросян Армине Меружановна – консультант, кош. 58-25 Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктардын электрондук түрдөгү реестрин түзөт жана алып барат, реестрдин маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
2) экономикалык ишмердиктин субъектилерине жана башка кызыкдар болгон жактарга тоскоолдуктар жөнүндө Комиссияга билдирүү мүмкүнчүлүгүн берген "Евразия экономикалык бирлигинин ички рынокторунун иши" маалыматтык порталын алып барат, келип түшкөн кайрылууларды юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларын кароонун Комиссияда белгиленген тартибине ылайык кароону камсыз кылат;
3) тоскоолдуктарды аныктоо максатында ички рыноктордун иштөөсүнө мониторинг жүргүзөт;
4) ички рыноктордун иштөөсүнө мониторингдин натыйжалары жөнүндө маалыматтын негизинде тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштарды, анын ичинде Комиссиянын түзүмдүк бөлүмчөлөрү менен өз ара аракеттенүүдө Бирликтин ички рыногундагы тосоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралардын пландарын ("жол карталарын") иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт;
5) Бирликтин ички рыногундагы тосоолдуктарды жоюу боюнча иш-чаралардын пландары ("жол карталары") менен каралган иш-чаралардын ишке ашырылышын координациялайт жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
6) мүчө мамлекеттердин укук колдонулуучу иш-тажрыйбасына карата сунуштамаларды иштеп чыгат жана мүчө мамлекеттердин бийлик органдары тарабынан маалыматтык-түшүндүрмө иштердин жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
7) Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин жана Комиссиянын Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча кабыл алган чечимдерин баалоо жол-жобосун өткөрүүдө катышат;
8) кызыкдар болгон жактарды тоскоолдуктардын жоюлушу тууралуу маалымдайт;
9) консультативдик органдарды түзүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;
10) консультативдик органдын (органдардын) Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча ишмердигин уюштучуруучулук камсыздоону ишке ашырат;
11) өзүнүн компетенциясынын чегинде башка функцияларды аткарат.