Sign In
Саркисян Тигран Суренович

Саркисян Тигран Суренович

1960-жылы 29-январда төрөлгөн.

1978-жылы №14 Ереван техникалык окуу жайын аяктап, Еревандагы Эл чарбасы институтуна тапшырган. 1980-жылы  Н.А.  Вознесенский атындагы Ленинград каржы-экономикалык институтуна которулуп, 1983-жылы бул окуу жайды артыкчылык менен диплому менен аяктаган. 1987-жылы ошол эле окуу жайда аспирантураны бүтүрүп, «Армениянын мисалында чөлкөмдүк социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоо» аттуу диссертациясын жактаган. Экономика илимдеринин кандидаты наамын алган.

1990-жылдан 1990-жылга чейин - улуу илимий кызматкер, Экономика жана пландаштыруу илимий-изилдөө институтунда эл аралык экономикалык байланыштар тобунун жетекчиси.

1990-жылдан 1995-жылга чейин - Армения Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Армения Республикасынын Жогорку Кеңешинин каржы-насыя жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы, ЖК Президиумунун мүчөсү.

1995-жылдан 1998-жылга чейин - Армениянын Банктар ассоциациясынын президенти.

1998-жылдан 2008-жылга чейин - Армения Республикасынын Борбордук Банкынын төрагасы.

2008-жылдан 2014-жылга чейин- Армения Республикасынын Премьер-министри.

2014-2016-жылдары - Армения Республикасынын АКШдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.

2016-жылдын 1-февралынан тартып - Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы.

Армения Республикасынын Президентинин указы менен "Мекен алдындагы синирген эмгеги учун" 1-даражадагы медалы менен сыйланган. "Анания Шикараци" медалы менен сыйланган. Армян мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу Доктору наамынын ээси, Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин (СПбМЭУ) Ардак Доктору наамынын ээси.