Жүйеге кіру
Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери евразия интеграциясын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты

Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери евразия интеграциясын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты

26.12.2016

26-декабрда Санкт-Петебургда Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери евразия интеграциясын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелерди, ошондой эле Биримдикти өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын талкуулашты. Жолугушуунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) төрт мамлекетинин башчылары ЕАЭБ Бажы кодексине кол коюшту.

Отурумга Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышышты.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Владимир Путин интеграциялык бирикменин ийгиликтерин белгилеп жана ЕАЭБ өлкөлөрү “Бажы кодексин даярдоо боюнча көп иштерди аткарышты, анда эң алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбага жооп берген бир катар маанилүү укуктук жаңылыктар киргизилген” деп баса белгилеп өттү. РФ Президенти ЕЭКтин ыйгарым укуктары, анын ичинде бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктары бир топ көбөйгөнүн белгиледи.

Владимир Путин жакынкы перспективада аткарылуучу эң маанилүү милдет - ЕАЭБтин бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүү экенин билдирди: “Жакында Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Суренович Саркисян менен биз бул теманы кенен талкууладык. Акыркы жылдары санариптик экономика абдан кеңири жайылгандыгы туурасында анын оюна толугу менен макулмун”.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдигинин өнүгүүсүнүн татаал шарттарын белгилеп өттү: Бул ишти жүргүзүүдөгү өзгөчө роль Евразия экономикалык комиссиясына берилет. Комиссия евразия интеграциясынын административдик өзөгү гана болбостон, олуттуу акыл борбору болуп калышы керек. Бул үчүн улуттуктун үстүндөгү органдын бардык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары бар”.

Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян өз кезегинде “евразия интеграциялык долбоордун пайдубалы түзүлгөндүктөн, тышкы экономикалык шоктордун деструктивдүү кесепеттерин бир топ азайтууга мүмкүн болду, эгерде Биримдиктин ички рыногу болбосо, мүчө мамлекеттер үчүн алар көбүрөөк оор болмок” деп билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев белгилеп өткөндөй, Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү катары Кыргызстан үчүн 2016-жыл көрсөткүчтүү жыл болду.

Президенттер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн беш өкмөт башчылары тарабынан макулдашылган Бажы кодексинин долбоорун карап чыгышты. Документке Биримдиктин мамлекеттери - Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россия президенттери кол коюшту жана ал кол коюу үчүн Беларусь Республикасына жөнөтүлөт.

Журналисттердин “Кыргызстан Президенти Бажы кодексине кол койдубу?” деген суроосуна ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян мындай деп жооп берди: “Кыргызстан Бажы кодексине кол койду. Биз тышкы экономикалык ишмердүүлүктү кандайча түзөөрүбүз туурасында билдирүүгө Кыргызстан тарабынан кол коюлган жок. Бул биздин кесиптештер ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү жана чектөөлөрдү алып коюулардын приоритеттүүлүгүнө тиешелүү формулировканы тактоону сунуштаганына байланыштуу болду”.

Президенттер Биримдиктин санариптик күн тартибин, соода саясатын өнүктүрүү маселелерине тиешелүү документтерге кол коюшту, ошондой эле Иран, Египет, Индия жана Сингапур менен сүйлөшүү процесстерин баштоо зарылчылыгы жөнүндө сунушту жактырышты.

Ошондой эле ЕАЭБтин жалпы каржы рыногун түзүү концепциясын иштеп чыгуу маселелери, Биримдиктин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүү программасы, биримдиктик мамлекеттердин транспорт саясатын жүзөгө ашыруунун негизги багыттары жана баскычтары талкууланды.

Президенттер 2017-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык маселелерин талкуулашты. Кеп Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши туурасында. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, бул органдардагы төрагалык постунда ар жылдык пландык ротация орус алфавитинин тартибинде жүргүзүлөт. Өтүп бара жаткан 2016-жылы бардык үч структурада Казакстан жана анын өкүлдөрү төрагалык кылышкан. 2017-жылы бул функцияларды өзүнө Кыргызстан Республикасы алат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отуруму 2017-жылдын апрелинде өткөрүлөрү күтүлөт.