Жүйеге кіру
Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин күн тартибин талкуулашты

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин күн тартибин талкуулашты

22.12.2016

22-декабрда Астанада Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян 26-декабрда Санкт-Петербургда өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунун күн тартибин талкуулашты.

2016-жылы Евразиялык экономикалык комиссиясы ЕАЭБдеги Казакстандын төрагалыгы алдында мүчө-мамлекеттер менен биргеликте евразиялык интеграцияны мындан ары дагы өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар маанилүү документтерди даярдаган. Алар алдыдагы отурумда талкууланат. Күн тартибинде – транспорт саясатын биргелешип координациялоо, бажы мыйзамдары, жалпы электр энергия рыногун түзүү маселелери.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Казакстан Республикасынын Президентине мамлекет башчылары тарабынан карала турган маселелер туурасында маалымат берди.