Вход
Доминикана Республикасы жана ЕАЭБ кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Доминикана Республикасы жана ЕАЭБ кызматташтыкты өнүктүрүүдө

10.06.2019
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Доминикана Республикасынын саясат жана регионалдык интеграция министри Мигель Мехиа жана Доминикана Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Хосе Мануэль Кастильо Бетансес менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Доминикана Республикасынын ортосундагы диалогдун түзүлүшүн жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Тигран Саркисян ЕАЭБ жана ЕЭКтин ишмердиги жөнүндө айтып берди. «Биз беш өлкөнү бириктирип турабыз, ыйгарым укуктарга ээ жана бажылык-тарифтик жана техникалык жөнгө салуу, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелер, демпингге каршы териштирүүлөр сыяктуу тармактарда беш өлкөдө тең аткарылууга милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алуучу улуттан жогорку органды түздүк, биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашырабыз, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында макулдашылган саясат жүргүзөбүз», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы маалымдады.

Доминикана Республикасынын өкүлдөрү ЕАЭБ менен тыгыз диалогго жана кызматташтыкка кызыкдар экендигин айтышты. Алар Евразия долбоору жана Доминикана мүчөлүк кылган регионалдык интеграциялык бирикмелер жөнүндө, айрыкча Борбордук Америкалык интеграциялык тутум (БАИТ) жөнүндө маалымат алмашууну күчөтүүнү сунуш кылышты. Бул максатта өлкөнүн саясат жана регионалдык интеграция министри ЕЭК Коллегиясынын Төрагасын Доминиканада ЕАЭБ жөнүндө сөзү менен чыгып сүйлөп, өлкөнүн президенти менен жолугушууга чакырды.
 
ЕЭК, өз кезегинде, өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактарды айгинелөө үчүн, улуттан жогорку органдын функциялары, ыйгарым укуктары тууралуу толук маалыматты берет.

Доминиканалык тарап, учурдагы иш-тажрыйбаны эске алуу менен, ЕАЭБ жана Доминикана Республикасынын ортосунда меморандум түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуш кылышты. ЕАЭБдин Греция, Корея Республикасы, Сингапур, Камбоджа, Чили, Монголия, Перу, Иордания, Марокко, Куба, Эквадор жана бир катар башка өлкөлөр менен, ошондой эле дүйнөлүк эң ири интеграциялык бирикмелер менен, анын ичинде АСЕАН, МЕРКОСУР, Анд коомдоштугу, Латын америка экономикалык тутуму, КМШ менен меморандумдары бар. Доминиканалык тарап келечекте меморандум эки интеграциялык бирикменин – ЕАЭБ жана БАИТтин ортосунда түзүлүшү мүмкүн деп эсептешет.

«Биздин жолугушуу биздин өлкөлөрдүн ортосунда кыйла динамикалуу жана интенсивдүү мамилелердин башаты болушу мүмкүн. Мен, бул – бардык тараптар уткан, карама-каршы кыймылдуу жол деп ишенем», – деп саясат жана регионалдык интеграция министри Мигель Мехиа баса белгиледи.

Тараптар ЕАЭБ жана БАИТ ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыктын күчөтүлүшү Борбордук Америкалык өнөктөштөр менен соода-инвестициялык байланыштардын кеңейишине алып келет деген үмүтүн билдиришти.

Маалымат
Борбордук Америкалык интеграциялык тутум (БАИТ, исп. — Sistema de la Integracion
Centroamericana, SICA) Борбордук Америкадагы сегиз мамлекетти бириктирген эл аралык регионалдык интеграция уюму болуп саналат.

БАИТ 1991-ж. Коста-Рика, Сальвадор, Гватемала, Гондурас, Никарагуа жана Панама өлкөлөрүнөн түзүлгөн. Кийинчерээк Белиз (1998-ж. тарта) жана Доминикана Республикасы (2013-ж. тарта) БАИТке толук укуктуу мүчөлөр катары кошулган. Мексика, Чили жана Бразилия регионалдык байкоочулар, ал эми КЭР, Испания, Германия, Япония жана Россия – региондон сырткары байкоочулар болуп саналат.

БАИТтин штаб-квартирасы Сан-Сальвадор шаарында (Сальвадор Республикасы) жайгашкан.