Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Арман Шаккалиев: "Монополияга каршы ведомстволор менен Комиссиянын натыйжалуу өз ара аракети — биздин өлкөлөрдөгү ишкердик климатты жакшыртуунун ачкычы"
26 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин, өткөн жылдын жыйынтыгын жана жакынкы мезгилге пландарды 25-мартта, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилери жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Арман Шаккалиев онлайн-кеңешменин жүрүшүндө талкуулашты ("5 + 1" деп аталган форматта).

Андрей Слепнев Женевада БУУнун тутумдук уюмдарынын жетекчилери менен заманбап дүйнөнүн экономикалык чакырыктары боюнча биргелешкен ишти талкуулады
26 Март | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев Швейцарияга болгон иш сапарында Женевада БУУнун башкы директору, ошондой эле БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД), БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

ЕЭК министри Сергей Глазьев жана Ирандын Россия Федерациясындагы Элчиси Казем Жалали өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулашты
26 Март | Интеграция жана макроэкономика

Иран Ислам Республикасынын Москвадагы Элчилигинде Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Жалалинин жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК ЕАЭБ бизнеси үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөсүн түзүүнү улантууда
26 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Бул туурасында Россиянын корпоративдик юристтер ассоциациясынын "Дени сак экономика — дени сак атаандаштык" жыл сайын өтүүчү монополияга каршы форумунун профилдик сессиясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү Арман Шаккалиев билдирди. Анын айтымында, Комиссия тарабынан колдонулуучу монополияга каршы проактивдүү жөнгө салуу, башка нерселер менен катар, "жумшак мыйзамдын" инструменттерин — эскертүүнү жана сак болууну, монополияга каршы шайкештик тутумун камтыйт, бизнес өкүлдөрүндө тиешелүү аң-сезимди калыптандыруу максатын көздөйт.

Руслан Бекетаев: "Интеграция потенциалын бизнестин кызыкчылыгында колдонуу өтө маанилүү"
25 Март

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев жана Россиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) президенти Александр Шохин 24-мартта Москва шаарында бизнес-коомдоштугунун интеграциялык процесстерге катышуусу боюнча пикир алышты.

ЕЭКтин каржы саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Алексей Красинский дайындалды
25 Март

Алексей Дмитриевич Красинский 1983-жылы Минск шаарында туулган. 2005-жылы Минск башкаруу институтун, 2015-жылы - Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.

Руслан Бекетаев ЕАК ФБА байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалмакчы
25 Март

Евразия экономикалык комиссиясы ЕвроАзия кызматташтыгынын Финансы-банк ассоциациясы (ЕАК ФБА) менен биргеликте Евразия экономикалык бирлигинин жалпы каржы рыногун өнүктүрүү боюнча ишти улантууну пландаштырууда. Бул туурасында ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев, ЕАК ФБА башкармалыгынын төрагасы Александр Мурычев жана ЕАК ФБА башкы директору Олег Березовой Москвадагы жолугушууда макулдашышты.

Михаил Мясникович: "ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексин келечектүү өнүктүрүү бул ишке илимий коомчулуктун жигердүү катышуусуз мүмкүн эмес"
24 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

24-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россиянын мамлекеттик агрардык университетинде — К.А. Тимирязев атындагы МАЧАда болду. Иш сапардын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба тармагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү, ага Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасынан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян, Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов, РМАУ — К.А. Тимирязев атындагы МАЧА ректору Владимир Трухачев катышышты.

ЕАЭБ жана Индия мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты
24 Март | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы менен Индиянын ортосундагы кеңири күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүү маселелери ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьевдин жана Индия Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Б. Венкатеш Варма менен жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 23-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясы Беларуста социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн узартууну жактырды
24 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 23-мартта Беларусь Республикасында социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салууну 2021-жылдын 29-июнуна чейин узартуу жөнүндө макулдашты.